Turmush — Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну, Баткен согушунун ардагери Мелис Кудашов Баткен согушунун ардагерлерине статус берүү маселесин көтөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 16-апрель күнү райондук аскер комиссариатынын жаңы имаратына капсула салуу аземине келген коргоо министри Руслан Мукамбетов Афган жана Баткен согушунун ардагерлери менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Баткен согушунун ардагери Мелис Кудашов 1999-2000-жылдардагы Баткен коогалаңына катышкандарга «Баткен согушунун ардагелери» статусун берүү зарылдыгын айтты.
«Бизге «согуш ардагери» статусун берүү маселеси көп жылдардан бери каралбай, маселебиз чечилбей жатат. Алдыбыз 60-70 ке, артыбыз 45 ке чыктык», - деди Кудашов.
Ал эми министр Руслан Мукамбетов бул боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.
«Бул маселени билебиз. Калп айтпасам, 4 жылдан бери бул маселени көтөрүп келе жатабыз. 2024-жылы афган-тажик чек арасында кызмат кылгандарга статус алып берели, кийинки этап менен Баткен окуясында кызмат кылгандарга статус алып берели дегенбиз. Бардыгы теңдолбоорлору даяр. Бирок Каржы министрлиги менен макулдашуу жана келгенде элеалар «каржы булактарын тапкыла» дейт. Каржы булактарын табуу кыйын экен. Каржы булагын таап бердик. Бул дагы чоң маселе. Кудай буйруса маселени чечип бүтөлү деп калдык. Быйыл бул маселени чечебиз деген ишенич бар», - деди министр.