Turmush — Кечээ, 14-апрелде Ош—Бишкек унаа жолунда болгон жол кырсыгында Ош мамлекеттик университетинин ординаторлору жана студенттери бир нече адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя болгон жерден өтүп бара жаткан Азатбек Жээнбеков, Айпери Исакова жана педиатрия багытынын студенттери — Гүлнур Кубанычбек кызы, Дилфуза Нурматова, Перизат Карыбекова жабыркагандарга дароо биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Алар тез жардам келгенче абалды көзөмөлгө алып, бир бейтапка 30 мүнөттөн ашык жүрөк-өпкө реанимациясын жасашкан.
Натыйжада жабырлануучунун дем алуусу калыбына келтирилген. Ошондой эле жаракат алган жаш балага да керектүү жардам көрсөтүлүп, коопсуз түрдө тез жардам унаасына жеткирилген.
Аталган студенттер ошол күнү Бишкек шаарында өтө турган педиатрлар олимпиадасына бара жатышкан. Дарыгерлердин айтымында, мындай кырдаалда ыкчам жана туура аракет адам өмүрүн сактап калууда чечүүчү роль ойнойт.