Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Үгүт айылында узундугу 3 чакырымдан ашкан канал казылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган айылдын башчысы Адилет Токон уулунун айтымында, бул канал аркылуу Карды-Жарык чөлкөмүндөгү дыйкандардын үлүш жерлерине сугат суусу барат. Каналды казууга Баетов айыл өкмөтү тарабынан техникалар берилип, ал эми дыйкандар тарабынан күйүүчү май үчүн 100 миң сом акча чогултулган.
Айыл башчысы Адилет Токон уулу аталган чөлкөмдөгү убактылуу суу сактагычты оңдомоюнча сугат суу көйгөйү чечилбей турганын белгиледи.
«Карды-Жарык чөлкөмүндөгү дыйкандардын үлүшкө тийген айдоо жерлерине Терек-Сай суусунан суу алынат. Бирок сугат мезгилинде аталган сайдагы суу калбай калат. Анткени сайдын башынан эле Терек жана Баетов айылынын жерлерине сугат суу бөлүнүп кетип, биз жакка дээрлик суу жетпей келет. Бул дыйкандардын көптөн бери чечилбей келе жаткан көйгөйү. Канал казылганы менен суу жок. Бир аз "билектей" болгон суу келет. Ошону менен эптеп сугармыш этишет.
Карды-Жарык чөлкөмүнүн Кескен-Бел тилкесинде илгерки союздан калган сугат суусун топтоочу эски бассейн бар эле. Мындан 2-3 жыл мурун дыйкандар өздөрү акча чогултуп, оңдошкон. Бирок кичи эле бассейн болчу. Анын суусу жетпейт. Ошол жерге мамлекет тарабынан чоң сугат суу сактагычын куруп беришсе сонун болмок», - деди айыл башчы.