Turmush — Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына караштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында күчөтүлгөн тартипте күнү-түнү кызмат өтөп жатышат.
Учурда жол кыймылына көзөмөл күчөтүлүп, айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Негизги максаты — жарандардын өмүрүн сактоо жана жол кырсыктарынын санын азайтуу.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жол кыймылынын бардык катышуучуларын жоопкерчиликтүү болууга чакырат.