Turmush — Турусбек Таев Араван районуна караштуу Достук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, аны эмгек жамаатка бүгүн, 25-март күнү Араван районунун акими Данияр Эркимбаев тааныштырды.
Буга чейин Достук айыл өкмөтүн Мамиржан Кадиров жетектеп келген.
Турусбек Таевдин резюмеси:
Туулган жери: Алай району, Терек айылы
Туулган жылы: 23.03.1972.
Билими: Жогорку
- 2002-2008-ж.ж. Ош мамлекеттик университти, кесиби мугалим;
Эмгек жолу:
- 2008-2012-ж.ж. – Алай райондук социалдык коргоо башкармалыгында бөлүм башчы;
- 2012-2013-ж.ж. – Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис;
- 2021-ж. – Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы;
- 2024-ж. – март айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын башчысынын орун басары;
- 2008-2012-ж.ж. –айылдык кеңештин депутаты блогон.