Turmush — Ысык-Көл облустук соту Чолпон-Ата шаарында досун бычак менен сайган адамдын ишин карап чыкты. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт.
Айыпталуучу Каманбек (аты өзгөртүлдү С.К.) Бишкек шаарынын тургуну. Үй-бүлөлүү, 3 кызы бар, убактылуу иштебейт. Мурда соттолгон эмес.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Каманбек 2025-жылдын 19-июлунда саат 14:30 чамасында Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы Ленин көчөсүнөн таанышы Дарыбай (аты өзгөртүлдү Т.Д.) менен өз ара пикир келишпестиктен улам мушташа кеткен. Мушташ учурунда столдун үстүндө турган бычакты алып Дарыбайды сол колтук тарабына 1 жолу сайып жиберген. Ал кансырап, дароо ооруканага жеткирилип, Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.
Каманбек бул факты боюнча Ысык-Көл райондук сотунун өкүмү менен Кылмыш-жаза 37-122-беренесинин 1-бөлүгү (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылган.
Өкүмгө макул болбой айыпталуучунун жактоочусу облустук сотко апелляциялык даттануу келтирген. Ал арызында Каманбек өзүнүн өмүрүн коргойм деп колунан келген аракеттерди жасаганын, анын Дарыбайды өлтүрөйүн деген ниети жок болгонун, экөө 15 жылдан бери дос болуп жүрүшкөнүн билдирген. Каманбек апасын жана үй-бүлөсүн Ысык-Көлгө эс алганы алып келгенин, Дарыбай өзү келип, эч кандай сүйлөшүүсүз колундагы жыгач таяк менен башка 2 жолу уруп, кол салганын, мунун баары күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен тастыкталарын айткан.
Андыктан райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, Каманбекти Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (зарыл коргонуу чектеринен аша чабуу, ошого тете кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чабуу менен ден соолукка оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп таап, кылмыш ишти кыскартып берүүнү суранган.
Соттук отурумда айыпталуучу Каманбек апелляциялык даттанууну толугу менен колдоп, күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, ага карата жеңил жаза дайындап берүүнү суранды.
Соттук отурумда жабырлануучу Дарыбай апелляциялык даттанууну колдп, айыпталуучу Каманбекке карата жеңил жаза дайындоого каршы эмес экендигин, өз ара бир пикирге келишип, жарашкандарын, келтирилген чыгымды толугу менен туугандары төлөп беришкенин айтты.
Облустук соттун өкүмү:
Ысык-Көл облустук соту 2026-жылдын 12-февралында иштин материалдарын карап чыгып, Ысык-Көл райондук сотунун өкүмүн өзгөрттү. Каманбек Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгү (ден соолукка оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркиндигинен ажыратылды. Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде жаза өтөөдөн бошотулуп, 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл белгиленди. Анын бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылып, сот залынан камактан бошотулду. Өкүмгө нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык тартипте даттанууга укуктуу.