Turmush — Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белес айылынын окуучусу республикалык сынакта 1-орунду ээледи. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Сүйүмбек Атамбеков атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Сейил Кайымбекова «Аалам» мектеби тарабынан уюштурулган математика сабагы боюнча сынакта 400 окуучунун арасынан алдыга чыгып, 169,35 упай менен 1-орунду камсыздады.
Жеңүүчү Сейил Кайымбекова ноутбук, «Маркумдар үнү» китеби жана сертификат менен сыйланды.
Мындан тышкары, Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Арууке Баатырбекова 2-орунду ээлеп, «Айфон» үлгүсүндөгү телефон, китеп жана сертификат менен сыйланды.