Turmush — Түп районунун Каркыра айыл аймагына караштуу Жылуу-Булак айылында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленүүдө.
Маалым болгондой, жергиликтүү айыл тургундары күн мурун сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсүн жасап, жылкы башынын сөлөкөтү түшкөнү белгилүү болду. Бул көрүнүштү жергиликтүүлөр кыргыздын кырк уруусу бир түндүккө биригүүсүн катары чечмеледи.
«Сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсү ата-бабалардан эзелтеден бери келе жаткан салт. Нооруз майрамынын урматына ынтымактын, токчулуктун, берекенин белгиси катары жакшы тилек менен 15 күн мурда өнгөн угуттан жана башка 7 түр даам кошуп сүмөлөк кайнаттык. Ал эми эртең менен аксалак аталар, ак элечек апалар сүмөлөктүн бетин ачып, жылкынын башынын сүрөтү тартылганын жакшы жышаан катары чечмелешти. Бул жөрөлгө жыл сайын уланат, Жылуу-Булак айылында 6 атанын урпактары жашаса, эми ар жылы бирден урууга эстафета катары өткөрүлүп уланат», - дешет айыл тургундары.