Turmush — Аламүдүн районуна караштуу Достук айыл өкмөтү тарабынан аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында 60 даана ийне жалбырактуу көчөт — туя жана арча отургузулду. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, көчөттөр Кайырма жана Бирдик айылдарындагы сейил бактарга отургузулду.
«Жашылдандыруу иштери муну менен токтоп калбайт, алдыда дагы улантылат», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, калктуу конуштардын санитардык абалын жакшыртуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен Гроздь, Кайырма жана ПМК-3 аймактарына жаңы таштанды таштоочу жайлар орнотулду.
Бул иш-чаралар башаламан таштанды төгүүнү азайтууга жана жарандар арасында тазалык маданиятын калыптандырууга багытталган.