Turmush — Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн тоолуу аймагындагы Эшме айылынын аталышы жер астынан эшилип чыккан суулардын, булактардын көптүгүнө байланыштуу коюлган. Turmush басылмасы элеттин таржымалын сураштырды.
Жергиликтүү тарыхчы Жылдыз Сулайманованын айтымында, бул аймактан алгачкы адамдарга тиешелүү издер жана сөөктөр табылган.
«Эшме айылынын аталышы бул аймакта жер астынан чыккан булактардын көптөгүнө байланыштуу коюлушу мүмкүн. Алардын ичинде Ийри-Булак, Тал-Булак, Семиз-Булак, Кум-Булак, Курбан-Булак, Айдар-Булак дегендери белгилүү.
Семиз-Булак тегерек формада болуп, суусу мол болсо, Кум-Булактын суусу кум аралаш агып чыгышы менен айырмаланат. Курбан-Булак мазарга жакын жайгашып, эл арасында ыйык булак катары айтылып келет. Айдар-Булактын аталышы Айдар аттуу адамдын бул булакка салым кошкону менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Эшме сөзү «эшилүү» деген маанини берип, жер астынан табигый жол менен эшилип чыккан булагы көп аймак дегенди билдирет. Эшме айылынын аймагында алгачкы адамдардын жашаганын далилдеген сөөктөр жана издер табылган. Сел үңкүрү да ушул жакта болуп, таш доорундагы адамдар да жашаган деген сөздөр бар. Айрым божомолдор боюнча, бул аймак илгери ири конуш же шаар тибиндеги жашоо болгон жер катары да белгилүү болушу мүмкүн. Бирок бул багытта атайын археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлө элек«», - деди ал.
Бүгүнкү күндө Эшме айылында 100дөн ашуун кожолук жашайт. Айыл эли негизинен мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенет.