Turmush — Чүй облусунун Москва районуна караштуу Миң-Булак айыл аймагынын Садовой айылынын тургуну Мухабат Мафкуева күнөсканада кулпунай жана бадыраң өстүрүп жатат. Багбан менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Мухабат Мафкуева 1970-жылы Садовой айылында төрөлгөн. Ал 4 уулдун энеси.
«Көп жылдан бери үй-бүлөбүз менен фермербиз. Үй алдындагы 32 сотых аянтка өткөн жылдарды бадыраң өстүрүп, аны кардарларга дүңүнөн сатып келдик. Ал эми 2024-жылдан баштап кулпунайдын альбион, клери жана полка сортторун күнөсканада өстүрүп жатабыз. Албетте, ар бир багбандын өз көз карашы бар. Менимче кулпунайдын клери сортун өстүрүү пайдалуу жана кирешелүү. Алардын түсү, көлөмү бирдей болгону менен даамдуулугу мага жагат. Күнөсканада мөмө-жемиш өстүрүүнүн өзүнчө түйшүгү оор. Аба ырайына карап мамиле кылуу зарыл. Ошондой эле биз колдонгон тамчылатып сугаруу мол түшүмгө өбөлгө. Кыскасы, «иштесең тиштейсиң» дегендей, күнү-түнү таным албаган маңдай терден миллион сомго чейин киреше табууга болот», - деди Мафкуева.
-
Альбион сапаты боюнча эң жакшы коммерциялык сорттордун бири болуп саналат. Ал Америкада чыгарылып, суук түшкөнгө чейин мөмө байлайт. Мөмөсүнүн салмагы 30 граммдан 50 граммга чейин жетет. Кулпунайдын бул сортун өстүрүүдө ылайыктуу жер тандоо керек. Ал күнөстүү жерде жакшы өсөт.
-
Клери элиталык сорттогу кулпунай болуп эсептелинет. Мөмөсүнүн салмагы 30-40 грамм болот. Ал ширелүүлүгү, таттуу даамы жана жыты менен айырмаланат. Ошондой эле мөмөнү узак убакытка сактоого болот.
-
Полка сортундагы кулпунайдын салмагы 30 граммдан 60 граммга чейин жетет. Бир сезондо бир түбүнөн 400-500 грамм түшүм алууга болот.
Ал эми 28 жаштагы уулу Мухаммед үй чарбагында кой да багып жатканын айтып берди.
«Бойдокмун, үйлөнүүгө шашылган жокмун. Үйдө кой да багабыз. Бизде жылкынын этин көп колдонушпайт, Александровкадагы соода борборунда да сатылбайт. Койдун эти өтүмдүү. Ошондуктан кой багып жатам. Семиртип сатам», - деди ал.
Райондун борбору Беловодск айылындагы базарда жергиликтүү кулпунайдын баасы 800 (1 кг) сомдон сатылууда.
Сатуучулардын бири: «Азыр талаада өстүрүлгөн кулпунай сатыкка чыга элек. Күнөсканада өстүрүлгөнүн сатып жатабыз. Ошондон улам баасы жогору», - деди.