Turmush — «Жубайлар» рубрикабыздын кезектеги каармандары — Сокулук районунун тургундары Мирбек Маниясов менен Гүлзат Ызакова экөө 24 жылдан бери чогуу түтүн булатып, бактылуу өмүр сүрүп келишет. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.
Жубайлар 1999-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде чогуу окуп таанышышкан.
«Биринчи курстун ортосунан баштап эле бири-бирибизге жылдызыбыз келишип калып, кыз-жигит болуп сүйлөшүп баштаганбыз. Ошентип 2 жылдан кийин баш коштук. Келинчегим Гулзат Токтогул районунун Кара-Көл шаарында 1983-жылы төрөлгөн.
Мен өзүмдүн группамдын старостасы болчумун. Келечегиме сессия, зачёт тапшырган учурларда аябай жардам берип жүрүп, жүрөгүн багындырып алгам. Менин шайырлыгымды, тыңдыгымды жактырыптыр. Негизи эле кыз кишиге башынан эле абдан жакшы мамиле жасап келем. Ошонумду да бааласа керек. Окуудан кийин китепканаларга, паркка барчубуз. Анан үйүнө чейин атайы жөө узатып барчумун. Азыркы И.Арабаева окуу жайынан Аламединге чейин көбүрөөк убакыт чогуу бололу деген ойдо, жөө узатчу элем», - деди ал.
Алар 2001-жылы баш кошушкан. Бул мезгилде үйлөнүү үлпөт той жөнөкөй өткөнүн айтты.
«Биздин убакта үлпөт той азыркыдай эмес болчу. Ошол убакта билесиздер кыйын, катаал заманга туш келгенбиз. Андыктан үйдө эле өткөргөнбүз. Досторум менен барып эле байкемдин «Москвичи» менен эле алып келгем. Анан үйдө чакан туугандар менен өткөргөнбүз. Ал кезде көбү ушундай эле форматта өткөрчү. Той кандай өтсө да эң негизгиси бактылуу жашап жатабыз.
Ошентип бирге бактылуу бүлө күтүп, азыр 3 уул, 1 кызыбыз бар. 2003-жылы туулган улуу балам Сокулук РИИБде улук милиция кызматкери. 2005-жылы туулган экинчи уулум автоэлектрик. Өзү техникага жакын болгондуктан ушул кесипти тандады. Учурда чет жакта иштеп жүрөт. 2009-жылы туулган кызым 9-классты аяктап, азыркы учурда И.Арабаеванын колледжинде окуйт. Кесиби — башталгыч класстардын мугалими. Андан кийин эң кичүү уулум 2016-жылы төрөлгөн. Азыр 3-класста окуйт. Келинчегим экөөбүз тең билимибиз боюнча тарыхчыбыз. Бирок экөөбуз тең башка кесипте иштейбиз», - деди ал.
Каарманыбыз кызыктуу окуясын айтып өттү.
«Студенттик күндөрү көп эле кызыктуу окуялар болгон. Келинчегим Токтогулдук болгонунан жакшы ырдайт деп ойлоптурмун. Биринчи курсту аяктаганда, биринчи жолу үйгө ата-энем, бир туугандарым менен тааныштырып алып келдим. Ошол күнү жеңемдин 30 жылдыгы болчу. Анан бир маалда келинчегиме карап "Токтогулдук экенсиң жакшы ырдайт болушуң керек, ырдап берчи» деп үйдөгүлөрдөн бири айтып калды. Айтары менен эле келинчегим дароо «18 жашты» ырдап кирсе болобу. Же бир үнү болсочу… Обону жок же үнү жок… Туугандарым билмексен болушуп, кол чаап кубаттап калышты. Мен болсо уялганымды айтпа. Эшикке чыкканда күлүп сурасам "билбейм уялганымдан эле ырдап кирдим" дейт. Азыр кээде үйдөгүлөр "ии Гүлзат кыз кезиңде биз менен таанышканы келгениңдеги ырдаганы ай" дешип, күлүп айтып калышат. Ушул окуя эсибизден кетпейт», - деди ал.
Каарманыбыз, канткенде бактылуу үй-бүлөнү түптөсө болорун айтып, кеңешин айтты.
«Бактылуу үй бүлөнү куруу бул жубайлардын өздөрүнүн колунда. Ал үчүн эркек чечкиндүү, аял киши ийкемдүү болуш керек. Дайым бир нерсени чогуу кеңешип-кептешип анан чечим чыгарса максатка ылайыктуу болот. Биз жубайым экөөбүз тең тез таарынып калабыз. Бирок бат эле жазылып кетебиз. Үй-бүлөдө ар кандай түшүнбөстүктөр болуп кетет. Бирок биз бири-бирибизди ушунча болуп бир күн да коркутуп сүйлөшпөй койбойбуз. Ашып кетсе 3-4 саатта эле кайра сүйлөшүп, табышып алабыз. Албетте үй-бүлө башчысы болгондон кийин биринчи кадамды мен жасайм. Келинчегим таарынса да жасап жаткан жумушун эч качан токтотуп салбайт. Тескерисинче жумуштун баарын жасап салат. Кыскасы экөөбүз бири-бирибизди аябай түшүнөбүз. Дайым шаңдуу жүрөбүз. Анча-мынча кыйынчылык болсо мөңгүрөп кейбейбиз.
Азыркы жаштарга жаңы үйлөнгөн жубайларга эмне демекчимин — эң биринчи кыз-жигит болуп сүйлөшүп, бири-бириңерди жакшы түшүнүп анан баш кошкула демекчимин. Бири-бирин аябай жакшы көргөн жубайлар, бири-бирине жөлөк-таяк болгон жубайлар гана сөзсүз бактылуу болушат», - деди ал.