Turmush — «Лексус-470» үлгүсүндөгү унааны айдап качкан жаран Чолпон-Ата шаарынын кире беришиндеги көпүрөнүн тушунан жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 14-ноябрында Балыкчы ШИИБге 1988-жылы туулган Б.М. арыз менен кайрылган. Анда 13-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында ага тиешелүү «Лексус-470» үлгүсүндөгү унаасын Балыкчы шаарынын дүкөндөрүнүн биринин алдынан белгисиз жаран айдап качып кеткендиги жөнүндө билдирген. Келтирилген чыгым 25 миң АКШ долларын түзгөн.
Бул факт Балыкчы ШИИБ тарабынан КБРге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесин (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Балыкчы ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери жана Ысык-Көл облусунун ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан шектүү Чолпон-Ата шаарынын кире беришиндеги көпүрөнүн тушунан жол кырсыгына учураган жеринен кармалган.
Ал Балыкчы шаарынын 27 жаштагы тургуну М.Б. болуп чыкты. «Лексус-470» үлгүсүндөгү автоунаа жараксыз болуп калган жана далил зат катары Балыкчы шаарынын айып короосуна киргизилген. Жүргүзүлгөн алгачкы суракта, шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Балыкчы шаардык сотунун чечими менен баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камака алынды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.