Turmush — Өлкөнүн ар аймактарында төө куш багуу колго алына баштады. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Алмалуу айылынын тургундары — жубайлар Советбек Абдиназаров менен Мактым Абдиназарова 1 жылдан бери төө куш багуу менен алек болуп жатышат. Алар менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Жубайлар 7 жылдан бери үндүк багуунун сырын толук өздөштүргөндүктөн былтыркы жылы баккан 100дөй үндүктү жалпы 120 миң сомго сатышкан. Анын акчасына төө куштун 10 күндүк 6 жөжөсүн сатып алышты.
«Өзгөндөн төө куштун 10 күндүк жөжөсүн алып келдик. Жөжө мезгилинде өзүнө жараша витаминдери бар экен, ошолорду кошуп беришти. Бул куш бат эле чоңоёт. 2 айда эле адамдын боюндай болуп чоңойду. Үндүккө караганда бул канаттууну багуу жеңил экен. Балким биздин айыл, короо кенен үчүн бизге ошондой сезилип жаткандыр. Төө куш баккандар көбүнчо короолоп багышат. Биз күндө бир сыйра талаага айдайбыз. Бирок биз келсек, кайра эле артыбыздан келип алат. Булар турган короого башка адамдар келсе кубалайт, өздөрүнүн турган жерин кызганат окшойт. Биз жокто келип калгандар да "төө кушуңуз кубалады" деп айтып калышат. Өздөрү оттоп, өздөрү жем жеп жүрө беришет. Орто эсеп менен бир төө куш бир күндө 1 киллограммдан ашык жем жана ошол эле өлчөмдө чөп жейт дешет. Мен 3 маал жем, 2 маал чөп салам. Бак-дарактын мөмөлөрүн, алма, алмурут баарын жей беришет. Бизге "жөжө мезгилинде алган жакшы, тээп кыйнабайт" дешкен. Ошол үчүн жөжө кезинде алдык. Кийинки жылы жумуртка тууп баштайт деп күтүп жатабыз. Азыр бизде чыгаша гана болуп жатат. Буюрса үзүрүн да көрөбүз деген үмүтүбүз бар. Жакшы ниет, тилек менен багып жатабыз. 1 жылда 25 таңгак чөп, 500 кг жем кетти. Быйыл чоңойгондон кийинкиси канча болорун эми көрөбүз», - дейт Советбек Абдиназаров.
Алардын төө куш багуусуна жубайы Мактым Абдиназарованын салымы чоң. Анткени ал айыл жергесинде жүрүп, элеттик айымдарды окуткан долбоорго катышып калгандыктан бир жылдык үндүктөрдү өмүрү бакпаган кушка алмаштыруу тобокелчилигине барган.
«Алгач жолдошума үндүктүн баарын сатып, төө куш алалы десем, жактырбай, көнбөй койду. Үндүктү бага бердим. Өзүм да электтик айымдардын катарында онлайн окууга катышып калгандыктан өзүмө ишеним пайда болду. Интернет булактарынан карап, бүт көрдүк, акыры жолдошум макул болду. Ошентип сатып алдык. Санга эмес, сапатка өтүү керек экен. Үндүктүн түйшүгү көп, аны талаада караш керек. Төө кушту бакканда кыйналбайсың», - деди ал.
Анын айтымында, үндүктү акыркы 7 жыл жакшы карап, мээнетине жараша киреше да ала алышкан.
«Биз жумуртканы кантип коюуну билбейт экенбиз. Окууда ушул сыяктуу нерселерди бүт үйрөндүм. Тоокту бастырууда анын жайына маани берүүнү үйрөндүм. Тоок көбөйтөм десең, анда окушуң керек экен. Жылда үндүк багып тажрыйбаң да артып калат. Үндүктү кичи жайлоого алып чыгып кетем, алардын өзүнө ыңгайлаштырып чатырын тигип коем. Үндүктү жөжө мезгилинде жаан-чачынга калтырып, ашказанына доо кетирип албоо керек. 3 айга чейин өлүмдөн өткөрүп алсаң, калганы жеңил болуп калат. Бир жылкы пайдасына унаа алдык. Кийинки жылкысында музоолуу уй, андан кийин байтал алдык. Былтыр болсо ушул төө кушту алдык. Быйылкы жылы бир кызыбыздын окуусунун төлөмүн (контракт) төлөдүк. Калганын башка кызыбызга материалдык жардам катары бердик. Сатканда жакшы, түйшүгүнө чыдап коюш керек», - дейт ал.
Төө куштун жумурткасы 1,5 кг-2 кг чейин барат. Сууга орто эсеп менен 1,5 саатта бышат.