Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-январь
Талас облусуТалас району 05.12.2019 12:32

Өтмөк ашуусунда эркектерди таң калтырган келин: Жолчу М.Бегалиевдин ишиндеги кызык (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 44 жаштагы тургуну Мурат Бегалиев бир нече жылдан бери жол тейлөө тармагында эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча инженер жол куруучу.

«Үйдүн кенжеси болгондон кийин ата-энемди ойлоп, Талды-Булак айылындагы №36 жол тейлөө мекемесине келип иштеп калгам. Алгач жол куруп иштедим. 2010-жылдан бери бөлүм башчы болуп эмгектенип келе жатам. Учурда 50 киши эмгектенебиз. Жол куруп, көпүрө салган сооп болот деп коёт. Жумуш оор, эс алуу күн деген жок. Биздин телефондор байланышта болуп турушу керек. Чакыруулар болуп калышы мүмкүн. Башында 1000 сом айлык менен иш баштасам дагы өкүнбөстөн, ушул күнгө чейин иштеп келем. Бир нече грамоталар менен сыйлангам.

2010-жылдан баштап жаңы техникалар келип, ишибиз бир топ жеңилдеген. Кышкысын Өтмөк ашуусу кооптуу. Андыктан ал жакта көзөмөл жүргүзүп турабыз. Айдоочулар ашуудан абайлабаса кыйын учурларга туш болуп калат. 2003-жылы 31-январда ашууда иштеп жүрсөк, «Газель» унаасы карга тыгылып калыптыр. Анын ичиндеги адамдарга жардам берип, бульдозер менен сүйрөп чыгардык. Унаадагылар балмуздак ташып иштешет экен. Алар рахматын айтып, 1 коробка балмуздак беришти. 31-январда түнкү саат он экиде дасторкон жазып алып, балмуздак менен нан жеп, жумушубузду улантканбыз (күлүп). Эртеси тамагыбыз дагы ооруган жок. Бирок тааныштарга айтып берсек, «кышында кайсы балмуздак» деп эч ким ишенген эмес. Негизи ушуга окшоп унаалар тыгылып, жол жабылып калганда милдеттүү түрдө 20-30 метр аралыкка сүйрөп, четке чыгарып, жолду ачып коебуз.

Азыр жаш балдар дагы «Лексустарды» айдашат. Дөңгөлөккө жөнөкөй чынжырчаны такканды билбейт. Айдоочу ушуга окшогон эрежелерди билиши керек. Былтыр бизди бир келин таң калтырган. «Хонда Степвагон» унаасына бала-чакасын, алдына кайын атасын жана башка адамдарды салып алып, айдап бара жатыптыр. Ашууда жол тайгак болуп, унаа бороондо тыгылып калды. Унаада кайын атасы жана башка эркек кишилер бар болсо дагы өзү жерге түшө калып, алдыңкы эки дөңгөлөккө чынжырчаны тагып айдап кеткенде таң калганбыз.

Жумуш учурунда көп окуя болот. Бирок эл жолдон аман-эсен каттаса дейм. Жаштар бул кесипти оор деп көп келишпейт», - деди ал.

Мурат мырза 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×