Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Нарын облусу, Нарын 19.11.2019 10:09 На русском

Жеңеке: Жанира жеңе жаңы турмушка чыкканда жолдошун көрүп шок болгон

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Нарын шаарынын 50 жаштагы тургуну Жанира Үрүстөмова. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Ат-Башы районунда туулган. 18 жашында турмушка чыккан.

«Мен 10 (7 кыз, 3 эркек) бир туугандын эң кичүүсүмүн. Мектепти бүткөндө ата-энем сөөк жаңыртуу салты боюнча мени атамдын эжесинин кызынын баласына турмушка узатышты. Ал убакта салтты дагы катуу кармашчу. Мен ата-энемдин айтканына каршы чыга алган жокмун.

Жолдошум Замирбек Табылдиев 1965-жылы Ат-Башы районунун Кара-Тал айылында туулган. Ал 5 жашынан баштап укпай калыптыр, мен аны турмушка чыгып жатканда билген эмесмин. Кийин билип шок болдум. Бирок ал мага жакшы жолдош, балдарыма мээримдүү ата болду. Өзү ак көңүл, пейили кенен адам.

Менин айткандарымды эриндеримдин кыймылынан эле түшүнөт. Башка адамдар таң калышат. Эч ким аны менен сүйлөшө албайт. Бирок ал башка адамдардын эмне деп сүйлөшүп жатканын жакшы түшүнөт. Кулагы укпаганы менен өзүнө тың, эмгекчил киши. Экөөбүз азыр кичи ишкерчилик менен алектенебиз», - дейт ал.

Анын айтымында, жаш кезинде ырчы болууну кыялданчу.

«Мен гитара чертип, жакшы ырдачумун. Эки жылдык курста билим алып, артист болом деп кыялданчумун. Тилекке каршы, бул кыялым ишке ашкан жок. Турмушка чыккандан кийин кайын эжем, кайын инилерим болуп отуруп, аларга таң аткыча ырдап берчүмүн. Кайын атам активист, тартипти катуу кармаган киши эле. Өзүм бала кыял болсом, кайын сиңдилерим менен топ ойноп эле жүрчүмүн.

Бир күнү бир туугандар болуп бөлмөдө гитара чертип, ырдап отурганбыз. Кайын атам эшиктен мени чакырып, үйгө кире албай тура бериптир. Биз аны укпай калыптырбыз. Кайын энем келип: «эмне үчүн эшиктин алдында турасың?» десе, кайын атам: «бир сааттай болду, келиниңдин концерти бүтпөй жатат, ошону күтүп турам» дептир. Ушул окуяны азыркыга чейин айтып, күлүп калышат.

Биз 4 уулду чоңойтуп, азыр неберелүү дагы болдук. Аларды дагы каралашып турам. Бош убактымда адабий китептерди окуйм. Мындан тышкары гүл өстүргөндү жакшы көрөм», - деди Ж.Үрүстөмова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×