Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ош облусу, Ош 18.11.2019 16:39 Жаңыланды: 18.11.2019 18:23 На русском

«Кызымды тааныбай калдым»: Ординатурада жүргөн кызга үйлөнгөн дарыгер менен кайын журтунун чыры

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  25 жаштагы Мээрим Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетин аяктап, ординатурадан өтүү үчүн 2018-жылы Ош шаардык төрөтканасына барган. Бир жылдан кийин аталган төрөтканада эмгектенген 36 жаштагы дарыгер Замир Садыковго турмушка чыккан. Бирок Мээрим бир ай мурун күйөөсүнүн ур-токмогуна жана мылтык менен коркутуусуна чыдабай Россиядагы апасына арызданганын аймактык кабарчыга билдирди.

Анын апасы Ибадат Россиядан Ош шаарына келип, төрөткананын жетекчилигине, ШИИБге, прокуратурага кайрылганын айтты.

«Кызымдын 6 жылдык окуусунун акысын араң төлөп, ординатурага төрөткананын жетекчисине дайындап тапшырткам. Бир жыл окугандан соң Замир Садыковго турмушка чыгам деп калды. З.Садыковдун ата-энеси уулунун үйлөнүп, кайра ажырашканын айтышып, кызымдын колун сурап келишкен. Атасы, апасы экөө тең Ош мамлекеттик университетинде иштешет. Кызымдын тандоосун сыйлап, аны турмушка узаттым. Күйөө бала 1983-жылы туулган болуш керек. Турмушка чыккандан кийин эки ай ур-токмокко алып, окуусуна да жибербей коюптур. Мага видео аркылуу чалганда, кызымды тааныбай калдым. Дароо Россиядан жетип келип, кызымды экспертизага алып барып, тиешелүү органга кайрылдым. Кызымды чачынан сүйрөп, мылтык менен коркутуптур. Төрөткананын жетекчисине арыз менен кайрылсам, “анын 4 аялы, 5 баласы бар болчу” дешти. Аялдарын издеп таптым, баары ординатурага барып, ошонун (З.Садыков) колуна түшүп калышат экен. Көрсө аларды да сабап жүрүптүр. Баарынын чачы узун экен. Балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнө “жалгыз бой эне” деп жазылыптыр», - дейт Мээримдин апасы.

Анын айтымында, кызынын буюмдарын алганы барганда кудагыйы кызы тууралуу жаман сөздөрдү айтып, уруш чыккан. Андан соң З.Садыковдун апасы Ибадаттын үстүнөн арыз жазган.

З.Садыковдун мурдагы жубайы Чолпон дагы эки балалуу болгондон кийин ажырашканын айтты. Чолпон З.Садыков менен медициналык окуу жайда 6-курста окуп жүргөндө таанышкан.

«Үйлөнгөндө нике күбөлүгүн алган эмеспиз, ошондуктан балдарым менин атыма жазылган. Кийин өз атыма өткөрүп алам деген. Мени менен ушул жылдын апрель айында ажырашкан, бирок ошол убакта Мээрим менен да сүйлөшүп жүрүптүр. Чогуу жашап жүргөндө мен дагы ур-токмокко кабылгам», - дейт Чолпон.

Мээримдин апасынын айтымында, Чолпон З.Садыковдун үчүнчү аялы. Ал эми З.Садыковдун өзүнүн айтымында, Чолпон анын экинчи аялы.

Ош шаардык төрөтканасынын анестезиологу Замир Садыков кайын журту (Мээримдин ата-энеси) акча талап кылып, ушундай каралоо жүрүп жатканын билдирди.

«Мээрим менин үчүнчү аялым болчу. Биринчи аялымдан бир, экинчи аялымдан 2 балам бар. Мээрим менен ординатурага келгенде таанышкам. Ооруканада нөөмөттө турган кезимде дайыма өзү келчү. Дарыгерлер деле ага мен тууралуу айтышкан. Буга чейин ал менин балдарым тууралуу билип, аларды ойнотуп эле жүрчү. Экинчи аялым менен ажырашканыма да ал себепкер. Телефондон "ага үйлөнөм" деп экинчи аялыма жазып жүрүптүр. Мен аны кийин билдим. Үйдө жалгыз жашабайм. Ата-энем менен бирге турам. Ушул жылдын 31-август күнү кыргыздын салты менен баш кошконбуз. Мээримдин бир тууган агасы каршы болуп, үйүнөн кетип калган. Бирок ал каршылыктарга карабай мага турмушка чыкты. Экөөбүз 1,5 ай жашагандан кийин агамды алып келейин деп үйүнө кеткен. Анын артынан барган жокмун. Үйүндө жаңжал болгонбу, айтор мен үйдө жок кезде Мээримдин апасы менин 30 жылдан бери кант диабети менен ооруган апам менен урушуп, сабап кетиптир. Бул боюнча биз сентябрь айында милицияга арыз менен кайрылганбыз. Мен аны сабаган эмесмин. Болгону 1,5 ай гана жашадык. Анын бир жумасы Бишкекте өткөн. Үйдө деле көп болгон жокмун. Учурда экинчи аялым менен жашап жатам. Ал дагы Мээримдин үстүнөн арыз жазам деп жүрөт. Кайын журтумдун максаты — менден 500 миң сом алуу. Мен педагогдордун үйүндө тарбиялангам. Буга чейин эч кимге зыяным тийген эмес», - деди З.Садыков.

Ош мамлекеттик университетиндеги ординатура боюнча жетекчи Айгүл Момунова студенттердин жеке жашоосуна кийлигише албай турганын билдирди.

«Албетте, бизде студенттин турмушка чыккандыгы, канча баласы бар экендиги тууралуу маалыматтар болот. Бирок биз студенттин кимге, кандай адамга турмушка чыгып жатканын иликтей албайбыз. Сентябрь айында окуусуна келбей калгандыктан апасына кайрылганыбызда, Мээрим күйөөсү тарабынан сабалып, ооруканада экенин айткан. Андан соң Мээрим апасы менен келип, жолдошу менен бир бөлүмдө иштей албаганын айтканда башка бөлүмдү сунуштадык. Учурда ординатурасын поликлиникалык бөлүмдө улантып жатат», - деди Айгүл Момунова.

Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилованын маалыматына караганда, ал Мээримдин Замир Садыковго турмушка чыкканын билген эмес.

«Мээрим бизге өткөн жылы келген. Быйыл келбей калды. Бизде ушундай бар, ординаторлор быйыл бизди тандаса, кийинки жылы башка жактан уланта берсе болот. Апасы кайрылганда гана бизде иштеген Замир Садыковго турмушка чыкканын билдим. Дарыгерлер да ал кызга З.Садыковдун үйлөнгөнүн айтышыптыр. Мен кызматкердин жеке жашоосуна кийлигише албайм», - деди З.Исраилова.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков Мээримдин арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 75-беренесинин негизинде (Үй-бүлөдөгү зомбулук) боюнча катталып, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Жабырлануучу бир нече жолку беттештирүүгө катышкан жок. Апасы кызынын психологиялык абалы жаман, стресс абалда экенин айтууда. Сотко чейинки тергөө иштери аяктады. Материалдар жакында сотко өтөт», - деп билдирди Замир Сыдыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×