Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 08.11.2019 19:13

Сокулукта Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Turmush -  Сокулук районунда 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. Аймактык кабарчы маалымдагандай, иш-чарага райондук администрациянын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын алкагында Сокулук районунан чыккан белгилүү ата-бабалар жөнүндө, алардын басып өткөн жолу, мекени үчүн жасаган эмгектери тууралу маалыматтар айтылып, көргөзмө уюштурулду. Соӊунда эстеликтерге гүл коюлуп, куран окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×