Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 08.11.2019 13:46

Айыл турмушу: Сокулуктук спортчу А.Шамов мал чарбада ата-энесине жардам берүүгө да жетишүүдө (сүрөт)

Turmush -  Сокулук районуна караштуу Жаӊы-Пахта айылындагы 21 жаштагы спортчу Абдулрауф Шамов мал чарбада ата-энесине жардам берүүгө да жетишет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, самбо боюнча 4 жолу алтын, 6 жолу күмүш, 3 жолу коло медаль уткан.

«Өзүм олимпиадалык резервдик республикалык окуу жайды аяктагам. Азыр айылда ата-энеме жардам берип, мал чарба менен алектенем. Эртеӊ менен малга жем-суусун берип коюп, саат 10:00дө айылдагы спорт залга барып машыгам. Кайра кечке чейин ата-энеме жардам берип, кечинде саат 20:00дө кайра машыгуумду улантам.

Алгач 3 жыл эркин күрөш менен машыктым. Андан соӊ 3 жылдан бери күжүрмөн самбо менен машыгып келем. Грэпплинг, самбо, эрежесиз эр таймаш боюнча мелдештерге катышып, көптөгөн жеӊиштерге жетиштим. Самбо боюнча 4 жолу алтын, 6 жолу күмүш, 3 жолу коло медалдын ээси болдум. Эрежесиз эр уруш боюнча 2 жолу алтын медалдын, 3 жолу күмүш медалдын ээси болгом. Спорт тармагында дагы талыкпай эмгектенип, көптөгөн ийгиликтерди багындырсам дейм. Дүйнөлүк мелдештерге чыгып, Кыргызстанымдын желегин желбиретем деген кыялым бар», - деди ал.

Спортчу үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×