Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусуКемин району 08.11.2019 11:52

«Карышкыр байлардын эмес, колунда жок кишинин малын жеп кетет»: Кеминде 4 карышкыр, 5 чөө атылды (сүрөт)

Turmush -  Кемин районунда 10 күндүн ичинде 4 карышкыр, 5 чөө атылды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин жергиликтүү тургундар жырткычтар көбөйүп, короодогу мал-жандыктарды жеп кетип жаткандыктан атайын мергенчилер тобуна аларды жок кылуу боюнча сунуштама беришкен.

«Жай, күз айларында Кемин районунан бир кишинин 2 бээсин, дагы бирөөнүн уюн, дагы бир чарбадан 10 кой жеп кетишти. Бул биз укканыбыз эле. Укпай калганыбыз канча. Негизи Чүй облусу боюнча Кемин районунда жылда карышкыр күч болот. Жырткычтарды атып жоготуу иштери бизде кыш мезгили аяктаганча аткарыла берет. Кеминде атайын документтери бар белгилүү мергенчилер бар. Ошолор жергиликтүү элдин чакыруусу менен барып, кайсы жерден карышкыр же чөө көрүшсө, ошол жерге күн-түн дебей жөнөшөт», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми айыл тургундарынын айтымында, карышкырлар байлардын малына кол салбай, колунда жок кишинин жалгыз уюн жеп кеткени да кызык.

«Карышкырлар дагы кимдин короосуна кол салышты билет. Чоӊ-чоӊ мал чарбалардын короосуна көп деле даап кире алышпайт. Ал эми жалгыз ую же бээси бар кишинин короосуна киришет. Ушундай бир кызык жагдайы бар.

Биздеги атайын түзүлгөн мергенчилер тобуна ыраазыбыз. Биз кой кайтарып жүрүп, кокус карышкыр көрүп калсак түз эле аларга телефон чалабыз. Алар унаалары менен келип, биз даярдап койгон аттарга минип, карышкырдын изи менен жөнөп кетишет. Карышкырды аткандан кийин аны 10 миӊ сомго алып кетишет. Алар Бишкектеги чоӊ соода түйүндөрүнө чүкөсүн, тырмактарын, терисин жана башкаларын сатышат экен. Эл жыргап эле калды. Антпесе карышкыр мал кайтарып жүргөн жерге келип, колуӊдан талаша баштайт», - дешет айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×