Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусу, КЕмин 04.11.2019 10:22

Кеминде текшерилген 849 адамдын канчасы тамеки, насыбай тартканы аныкталды

Turmush -  Кемин шаарында «Өз кан басымыңды билип ал» акциясы болуп өттү. Бул тууралуу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолукту чыӊдоо бөлүмүнүн адиси Саадат Таманбаева билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча жүрөк-кан тамыр ооруларын жана күтүүсүз өлүм коркунучун алдын алуу максатында жумалык акция уюштурулган.

«Биздин район дагы бул акцияны өткөрүп, Кемин шаарында жайгашкан үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда кан басымды текшере турган пункттар ачылып, 849 адамдын кан басымы текшерилди. Алардын ичинен жогорку кан басымы барлар 132 адам, биринчи жолу өз кан басымын билгендер 25 киши болду. Ушул текшерилген адамдардын ичинен 128 адам тамеки жана насыбай тарта турганы аныкталды» - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×