Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 02.11.2019 14:24 Жаңыланды: 02.11.2019 21:01 На русском

Чүйдө 4-класстын окуучусу асынып каза болду

Повесился подросток
Повесился подросток

Turmush -  Кечээ, 1-ноябрда Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында 4-класстын окуучусу асынып каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, баланын сарайда асынып турган денесин кечки саат 20:30 чамасында көрүшкөн. Үйдөгү туугандар аны эшикте ойноп жүрөт деп ойлошкон.

«Баланын ата-энеси ажырашып кетиптир. Апасы Кыргызстанда эле дешти. Атасы чет өлкөгө кеткен экен. Маркумдун башка бир туугандары жок. Бул бала 3-класска чейин Москва районунун Беловодск айылындагы мектепте окуп, андан кийин бизге келген. Ысык-Атада туугандарында жашачу. Сөөгүн Беловодск айылындагы туугандары алып кетишти», - деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×