Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 01.11.2019 21:00 На русском

Кыргыз милициясына 95 жыл: Токмокто 3 офицердин жубайына төш белги тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 1-ноябрда Токмок шаарынын мэриясынын чоӊ залында кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага катышкан мэр Данияр Амангелдиев милиция кызматкерлерин куттуктап, Токмок ШИИБге эки компьютер белекке берди. Ошондой эле айрым кызматкерлер ардак грамота, төш белги, орден менен сыйланып, наамдар тапшырылды.

Андан сырткары УКМКнын Токмок шаардык бөлүмүнүн башчысы Р.Абасов, шаардык кеңештин депутаты Вайшу Гайсыр, Чүй облустук жана Токмок шаардык адвокатуранын жетекчиси Ш.Нурдинова, Токмок ШИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Т.Асанбаев сөз сүйлөп, кесиптик майрамын белгилеп жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин куттукташты.

3 айымга «Офицердин жубайы» төш белгиси тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×