Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 01.11.2019 14:45

«Чолпонбай дзотко барып, эшигин кагат...»: Мугалим А.Теңирбергенованын боорду эзген окуучусу

Turmush -  Айгүл Теңирбергенова 1975-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында төрөлгөн. Ал 9 бир туугандын бешинчиси. 9 бир туугандын бешөө ата жолун жолдоп, мугалимдик кесипти аркалап келишет.

«Жумгал району таланттуулардын мекени болгонуна сыймыктанам. Атам он жети жыл бир мектепте директор болуп иштеген киши эле. Тогуз бир тууганмын. Анын бешөө мугалимбиз. Эки сиӊдим, эки агам, үч жеӊем мектепте мугалим. Анын ичинен бир агам, бир жеӊем мектепте директор болсо, дагы бир агам жогорку окуу жайлардын биринде декан. Негизи бала кезде эле кичинекей бөбөктөрүмө мугалим болуп, сабак өтө берчүмүн. Чаекте төрөлүп өскөнүм менен атамдын жумушуна байланыштуу Миӊ-Куш шаарчасында балалыгым өттү. Ошол жерде А.С.Пушкин атындагы орто мектебин бүткөндөн кийин Каракол шаарындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 1992-жылдан 1996-жылга чейин окугам.

Эмгек жолум 1996-жылы өзүмдүн окуп кеткен мектебимден башталып калды. Ал жерде 8 жыл иштегенден кийин турмуш шартка байланыштуу Ивановка айылына көчүп келдик. Келгенден баштап эле мектепке жумушка кирдим. Алгач №2 Ивановка орто мектебинде он беш жыл эмгектенип, 2016-2017-жылдары директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеп калдым. Быйылкы жылдан бери №4 Ивановка башталгыч мектебинде эмгектенип баштадым», - деди ал.

Мугалим билим берүү тармагында 22 жыл талыкпай эмгектенип келе жатат.

«Жаш муундарга билим жана тарбия бергенден талбай эмгектенип келе жатам. Класс алып, аларды бүтүрүп, кыргыз тили сабагы боюнча район ичинен экинчи жана үчүнчү орундарды алган окуучуларым болуп жатты. 2009-жылы "Жыл мугалими "сыныгына катышып орун албасам да, кызыктыруучу сыйлыгына ээ болуп, акимчилик тарабынан белектерди алдым. Мен окуткан окуучулардын көбү азыркы учурда мугалимдик кесип менен иштеп жатат.

Мектеп турмушунда көптөгөн кызыктуу окуялар болот. Анын ичинен күлкүлүүсү да бар. Бир жолу 5-класстын окуучуларына Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигин айтып берип, анын төрөлгөнүн, аты эмне себептен Чолпонбай деп коюлуп калганын дагы түшүндүрдүм. Бир окуучу ошондо сабакка келбей, укпай калыптыр. Эртеси Чолпонбай жөнүндө баяндоо жазгыла дедим. Баягы окуучу өзүнүн түшүнгөнүн мындай деп жазыптыр: «Чолпонбай дзотко барып, эшигин кагат. Ал жерден бирөө «бул ким?» десе, «мен Чолпонбай, кыргыздын уулумун» деп эшигин ачтырып, немистерди жок кылыптыр» дептир. Окуп алып, аябай күлгөнбүз», - деди ал.

Мугалим үй-бүлөлүү, беш баланын апасы.

«Улуу кызым менен улуу балам студент, калган үчөө мектеп жашына келип калышты. Азыркы жаштарды сабырдуулукка, оптимист болууга чакырат элем. Эң негизгиси өзүнүн кесибин сүйөө билүү керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×