Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусуКемин району 01.11.2019 11:01

Кеминде Турдакун Усубалиев эскерилип жатат

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунда Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аталган райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

«Кемин райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан мерчемделген райондук иш пландын негизинде мамлекеттик ишмер, чейрек кылым мамлекет башында турган улуу инсан Усубалиев Турдакун Усубалиевичтин 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Алсак, Кемин районунун Шабдан-Ата атындагы орто мектебинин базасында "Өмүрү өрнөктүү инсан" аттуу райондук иш-чара 29-октябрда өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — өмүрү өрнөктүү инсандын эли-жери үчүн жасаган зор эмгегин баалай билүүгө, үлгү алууга жана келечек муундарды эл-жерин сүйүп, элге акыйкат кызмат кылууга тарбиялоо болуп саналат. Мындай иш-чаралар жыл аягына чейин уланат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×