Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусуАламүдүн району 31.10.2019 14:21 На русском

Аламүдүндөгү уйчунун талаадан көргөн окуясы

Turmush -  Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеӊешинин төрагасы, милициянын майору Райкан Усенов аскерден келген жылдан баштап ички иштер кызматына кабыл алынган. Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата аймактык кабарчы Райкан атага жолугуп, аны менен маектешти.

Каарманыбыз 1947-жылы Чүй районунун Эпкин айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, бир кыз, эки уул жана 8 небереси бар.

Райкан атанын айтымында, кылмышкерди кармоодо ажал менен күрөшүп, аз жерден гранатанын алдында жарылып кала жаздаган.

«1980-жылдар. Кыш мезгили жаӊы баш багып, тумак, пальто кийип жүргөнбүз. Мен анда Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүн жетектеп тургам. Ошондо Байтик айылы тараптан бир кишини белгисиз бирөөлөр өлтүрүп, сөөгүн «Волгага» салып кетишти деген маалымат түштү. Биз ошол унаанын номуру аркылуу Арчалы айылына бардык.

Түн болчу. Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчисине кылмышкерлер бир жерде бекинип жатканын, жардыргыч заты бар экенин айтып, нөөмөтчүлөр аркылуу кабар бердим. Ошол Арчалы айылындагы жүк ташуучу унаалар токтогон гараждын жанындагы экинчи үйдө жашынып жатышкан экен. Аламүдүн РИИБдин жетекчиси, орун басарлары, ыкчам топтун тажрыйбалуу кызматкерлери баары келип, баягы үйдү акырындан курчоого алдык. Ошентип 3 кызматкер үйгө кирип, 3 бөлмөгө бөлүнүп, баягы кылмышкерлерди издеп баштадык. Бир маалда бир кылмышкерди керебеттин алдына кирип алган жеринен таап алдык. Бирок анын колунда граната бар экен. «Жардырып салам, кеткиле» деп кыйкырып жатты. Биз жетекчибизден сыртка чыга турууну суранып, Талас Досманбетов экөөбүз калдык. Экөөбүз жарылсак дагы гранатасы бар кылмышкердин зыянын башкалар тартпасын дедик. Бирөөбүз бутунан басып, экинчибиз кармап, «сен кылмыш кылдыӊ. Бизде эмне айып, баарыбыз жашпыз. Бизди өлтүргөндөн пайда жок» деп сөзгө келтирип жаттык. Бир маалда ал биздин сөзгө көндү. Аны акырын керебеттин алдынан алып чыгып, колундагы гранатасын алып, сыртка чуркап чыгып эле сууга ыргыттык. Кудай жалгап жарылбай калды. Ошентип кылмышкерлерди кармап, экөөнү теӊ ИИМге өткөрүп бергенбиз.

1983-жылы Балыкчы шаарында белгисиз адам нөөмөттө турган аскерди өлтүрүп, тапанчасын алып кеткен экен. Ал кийин Аламүдүн районундагы Ала-Арча суу сактагычына келип, элди тапанча менен коркутуп, акча талап кылган. «Мен Казакстанга кетишим керек, мага акча керек» деп ар кимге тапанчасын мээлеп коркутуп жатканын уй кайтарган киши көрүп калыптыр. Ал мага ат менен келип айтты. Мен үйдө элем. Кошунамдын куралы бар болчу. Аны куралыӊ менен жүрү деп ээрчитип алдым. Экөөбүз теӊ ат минип жөнөдүк. Буудай белден келип, бышайын деп калган маал болчу. Бизди көргөн кылмышкер элден бөлүнүп качып жөнөдү. Биз асманга ок атып, артынан кубалап жөнөдүк. Ал арыктан секирем деп кулап түштү. Ошондо тапанчасы бир жерде, өзү бир жерде калып, биз үстүнөн басып жыгылып кармаганбыз», - деди ал.

Каарманыбыз 1955-1966-жылдары Фрунзедеги №1 мектеп-интернатында билим алып, кийин 1966-1968-жылдары советтик армиянын курамына кабыл алынган.

«Новосибирск шаарында ички аскерде кызмат өтөгөм. 1968-жылы декабрь айында жетекчилиги мени ички иштер кызматына сунушташкан. Ошентип иштеп жүрүп, 1971-1974-жылдары Фрунзе шаарындагы милициянын мектебинен билим алдым. Андан кийин 1981-жылы Омск шаарындагы милициянын жогорку мектебинен билимимди жогорулатып, 1985-жылы Алмата шаарындагы милициянын орто кесиптик мектебинен квалификация алып чыккам», - деди ал.

Ардагер эмгек жолун 1969-1970-жылдары Кант шаардык ички иштер бөлүмүнөн баштаган.

«Анда сержант наамым бар болчу. 1970-1971-жылдары Туз жана Ысык-Ата айыл аймагынын ыйгарым укуктуу тескөөчүсү, 1971-1972-жылдары Пригород жана Ала-Арча айыл аймактарынын ыйгарым укуктуу тескөөчүсү, 1972-1977-жылдары Аламүдүн айылынын ыйгарым укуктуу тескөөчүсү болуп, мында лейтенант жана улук лейтенант наамдарына жетиштим. 1977-1980-жылдары кайрадан Пригород жана Ала-Арча айыл аймактарына ыйгарым укуктуу тескөөчүсү болуп, капитан наамын алдым. 1980-1985-жылдары Аламүдүн РИИБде ыкчам нөөмөтчү, 1985-1991-жылдары ушул эле райондогу РИИБде нөөмөт бөлүмүнүн жетекчиси болуп, майор наамына жеткем. 1991-1997-жылдары Аламүдүн РИИБдин профессионалдык даярдоо бөлүмүнүн жетекчиси, 1997-1999-жылдары Чүй облусунун ишки иштер башкармалыгынын нөөмөтчүсү болуу менен ардактуу эс алууга чыккам. Ал ортодо 1975-1977-жылдары Аламүдүн айылдык кеӊешинин депутаты да болуп шайлангам», - деди ал.

Райкан ата үзүрлүү эмгек жолунда бир топ наамдарды, сыйлыктарды алды. «Милициянын мыктысы» наамын, кынтыксыз кызматы үчүн 3-2-даражадагы орденин, Жогорку Кеңештин президиумунун атынан «Кыргыз милициясына 70 жыл» юбилейлик медалын, «Манас эпосуна 1000 жыл», «Кыргыз милициясына 80 жыл» юбилейлик медалдарын, «Кадырман», «Күжүрмөн» наамын, «Ардак» медалын, «ИИМ ардагери» наамын, Кыргыз милициясынын 90 жылдык юбилейлик медалы жана башка ардак баракча, сыйлыктар менен сыйланган. 2008-жылдан бери Аламүдүн РИИБде ардагерлер кеӊешинин төрагасы болуп иштеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×