Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 30.10.2019 16:48 На русском

Токмоктогу бай жубайларды байлап, үтүк менен кыйнагандар же «кан» менен келген акча

Turmush -  Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеӊешинин төрагасы, милициянын полковниги Асанбаев Темир Өмүрбекович оор кылмыштардын бетин ачкан.

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата аймактык кабарчы Темир атага жолугуп, аны менен маектешти.

«Эмгек жолумда чоӊ-чоӊ кылмыштардын бетин ачтык. Алардын эсте калганын айтып берейин. 1992-жылы нөөмөттө отурганда түнкү саат 24:00дө "белгисиз адамдар бир үй-бүлөнү карактап, жер төлөгө камап койду" деген билдирүү келди. Окуя болгон жер биз турган Токмок ШИИБден алыс эмес экен. Жетекчиликке "мага ыкчам топту, 4-5 киши бергиле. Тигил жакта 8 кылмышкер бир үй-бүлөнү карактап, аларды барымтага алышты" десем, "бизде азыр кызматкерлер жок, баары башка кылмыш иштердин бетин ачууга кетишти" деди. Айла жок жардамчым, айдоочум болуп үчөөбүз жөнөдүк. Школьный көчөсүнө жеткенде унаабызды көрсөтпөй токтодук. Үчөөбүздө теӊ тапанча бар. Мен акырын басып барып, дарбазадан секирип түшсөм короодо кара кийимчен бир адам турган экен. Ага "токто, атам!" десем эле дароо үйгө кирип кетти. Мен дагы анын артынан чуркап кирдим. Үйдө баягы 8 бала сыналгы, палас жана башка үй тиричилик буюмдарын ороп, үй ээлерин столго байлап алып үтүк, бычак менен коркутуп, акча сурап жатышкан экен. Мен кирип барып, "ордуӊардан жылбагыла, атып салам" десем, тигил 8 адам буюм-тайымдарды көтөрүп, мени жөөлөп чыгып кетишти. Алардын артынан чуркап барып, бир адамды кармап жыктым. Ошондо бирөө мык сууругуч темир менен башыма жана аркама чаап жиберди. Башым жарылып, кан акты. Айдоочум менен жардамчым дарбазанын сыртында калган. Тапанчам менен асманга бир жолу ок атып, андан соӊ баягы мык сууругуч менен чапкан баланы артынан бир аттым. Ал ошол жерден "мама!" деп кыйкырып жыгылды. Менин тапанчамда 8 ок бар болчу. Ал октун баарын аттым. Жардамчым менен айдоочум да огородду курчоого алып, ата башташты. Бирок тигилер ар тарапка качып кеткенге үлгүрүштү. Короо, көчөлөр капкараӊгы болчу.

Андан соӊ мени ооруканага алып кетишти. Жолдо баратканда эс-учумду жоготуп, ошону менен 6 күн жандандыруу бөлүмүндө жаттым. Жандандыруу бөлүмүнөн чыккандан кийин 3 ай палатада жаттым. Кийин кесиптештерим эмне болгонун айтып беришти. Ошол түнү Бишкекте "тревога" болуп, кинологдор менен издешиптир. Мен ок аткан баладан кан чууруп, из калган экен. Ошол кан менен таап барышыптыр. Аларды текшере келишкенде, 8 бала теӊ казак улутунан жана Токмок шаарынын өрт өчүрүү бөлүмүндө иштеген балдар болуп чыкты. Көрсө булар топ болуп түзүлүп, далай кишини тоноп жүрүшкөн экен. Аларды К.Ч. аттуу киши жетектеп жүргөнү да аныкталган. Ал кишини мурдагы жылдары кимдир бирөөлөр атып кетип, каза болду. Ал он баланы топтоп, экөөнү дайыма көчөнүн эки башына коюп, сегиз баланы байларды тоногонго жөнөтчү экен. Алардын баары ошондо кармалышкан. Бул балдар катышкан 20 оор кылмыштын, Казакстандагы 12 кылмыштын бети ачылган.

Кайсы бир жылдары уурулар бир нече мал-жандыкты уурдап келип, «Ош» базарда этин сатып жаткан жеринен кармаганбыз. Ал мындайча болгон. 15-декабрь күнү таӊ эрте Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Ош» базарынан эки жылкынын этин өткөрүп жаткан 25 жаштагы Э.Д. менен 36 жаштагы Б.Ж. деген жарандар колго түшкөн.

Алып келген этти арзан баада өткөрүү үчүн шашып жатканын көрүп, биз дароо шек санадык. Анткени ошол жылдары мал уурдоо аябай күч алып, эки күндүн биринде том-том арыздар түшүп жаткан. Биз алардын жанына барып, этин текшердик. Алардын тиешелүү документтери жок болуп чыкты. "Ак малыбыз эле, акчанын зарылдыгынан шашылыш болуп, маалым кат ала албай калдык" деп актанып жатышты. Бирок алар алып келген эт базарда сатылган эттен айырмаланып, жылкылар шашылыш союлганы көрүнүп турду. Ушундан улам биздин шек санообуз күчөдү. Биз суроонун артынан суроо берип, алардын шаштысын ого бетер кетире баштадык. Акыры сөздөрүнөн жаӊылып, кайпалактап калышканда мал уурдап келишкенин айтып жиберишти. Биз бул жигиттерди колго түшүрүп, дароо иликтөөнү баштадык. Иликтөөнүн негизинде алар мындан бөлөк 8 жолу мал уурдашканы аныкталды. Алар Тоӊ районунун Сары-Булак айылынан 1 уй, Ала-Баш айылынан 5 жылкы, Бар-Булак айылынан 2 жылкы, Коӊур-Өлөӊ айылынан 1 жылкы, Туура-Суу айылынан 3 баш жылкы, Ала-Баш айылынан 2 жылкы, Кызыл-Туу айылынан 1 жылкы уурдашкан экен», - деди ал.

Асанбаев Темир Өмүрбекович Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында 1962-жылы 10-февралда төрөлгөн.

«1969-жылдан 1979-жылга чейин Кум-Дөбө айылындагы орто мектепте билим алгам. Андан соӊ "Октябрга 60 жыл" совхозунда чабандын жардамчысы болуп иштедим. 1981-жылы советтик армиянын курамына чакырылып, 1983-жылы мекен алдындагы кызматымды өтөп келдим. Келген жылы эле СССР ИИМдин буйрутмасы менен Нарын облусунун Кочкор райондук ички иштер башкармалыгында коргоо бөлүмүнүн катардагы милиция кызматына кабыл алындым. 1985-жылы Фрунзедеги атайын милиция мектебине барып, аны 1988-жылы милициянын лейтенанты наамын алуу менен аяктадым. Окууну аяктагандан кийин Токмок шаарынын ички иштер кызматында, андан соӊ ушул эле шаарда кылмыш иликтөөчү кызматкер болуп иштедим. 1991-жылы улук лейтенант наамын алсам, 1996-жылы милициянын капитаны болдум. Андан кийин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында ыйгарым опери, 2000-жылы аталган кызматта улук ыйгарым опери болуп иштеп, милициянын майору наамын алдым. Буга улай 1998-жылдан 2001-жылга чейин Кыргыз-орус билим академиясынан да билим алдым.

Мал уурдоо кылмышына каршы күрөшүүчү бөлүмдүн жетекчисинин орун басары болуп турганда — 2005-жылы милициянын подполковниги наамына ээ болгом. Анда мага караштуу аймак Аламүдүн районунан Кемин районуна чейин болчу. Ошондой эле мал уурдоо кылмышына каршы күрөшкөн бөлүмдүн Ысык-Көл жана Нарын облусунун куратору да болуп турдум. 2008-жылы полковник наамын алуу менен ардактуу эс алууга чыккам. 2003-жылы ардагерлердин кеӊешинин жыйынына төрага болуп шайлангам», - деди милициянын ардагери.

Ал үй-бүлөлүү, 1 кыз, 1 уулдун атасы.

«Кызым Мээрим банктардын биринде башкы адис болуп иштейт. Уулум Нурдиас Токмок шаарындагы мектепте билим алат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×