Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 29.10.2019 18:23

Чүйдөгү тургундарга өрттөн сактануунун жолдору үйрөтүлдү

Turmush -  Чүй облусунун бардык райондорунда күз-кыш мезгилине карата өрт кырсыгын алдын алууга багытталган иштер уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, майор Азис Эгембердиев билдирди.

Анын айтымында, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү күз-кыш мезгилдеринде өрт кырсыгы келип чыккан учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги, айыл жерлеринде мешти туура пайдалануу, суук мезгилде жылытуучу электр жабдыктарын туура колдонуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«2019-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин Чүй облусунун аймагында өрттү алдын алууга багытталган 35 820 нускама өтүлгөн. Өкмөткө караштуу Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери менен биргеликте 135 кооптуу объектилерде өрт кырсыгын алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Мындан тышкары облус боюнча 38 өрт тактикалык машыгуулар болгон. Окуу жайларда жана объектилерде 452 лекция өтүлсө, жарандар менен биргеликте иш жүзүндө 44 өрт тактикалык сабак өтүлгөн. Октябрь айынан баштап жергиликтүү тургундарга өрт коопсуздук эрежелери жана өрт кырсыгынын кесепеттери тууралуу 666 нускама өтүлгөн», - деп маалымдады майор А.Эгембердиев.

Аталган иш-чаралардын максаты – күз-кыш айларындагы кооптуу мезгилде адам өмүрүн сактоо, өрттөн келип чыккан материалдык чыгымдарды азайтуу, калктын өрт коопсуздук эрежелери тууралуу маалыматын жогорулатуу болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×