Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 27.10.2019 18:00

Кант кызылчасын өстүргөн ысык-аталык дыйкандар кимге нааразы? Депутаттын сыны жана акимдин жообу. Видео

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун дыйкандары Нурманбет айыл өкмөтүнө караштуу Ивановка айылындагы кант кызылчасын кабыл алган ишканага нааразы. Бул тууралуу алар аймактык кабарчыга билдиришти.

Дыйкандардын айтымында, кант кызылчасын казууга бир күн калганда ишкана менен түзүлгөн келишим бузулган. Ысык-Ата районунун тургуну, Нурманбет айылдык кеңешинин депутаты Акан Иманов жыл сайын күз мезгилинде дыйкандардын көйгөйү көбөйүп жатканын билдирди.

«Кыргызстандын калкынын 80 пайызы айылдарда жашайт. Алардын 90 пайызы дыйканчылык, малчылык менен жан багып келишет. Жыл сайын күзүндө же картошка, же фасоль, же кызылча маселеси жаралат. 80 пайыз элдин көйгөйүн чече албаган Айыл чарба министрлигинин эмне кереги бар?

Кант кызылчасын 1-класстагы балдардан тарта 80ге чыккан кары-картаңдар теришет, антпесе кар жаап, эмгек өлөт», - деди А.Иманов.

Анын айтымында, учурда кызылча өстүргөн ысык-аталык дыйкандардын эң негизги төрт көйгөйү бар.

«Биринчиден — жазында Кайыңды-Кант заводу дыйкандар менен түзгөн келишимге ылайык, ар бир гектардан алынган 20 тонна кызылчаны сатып алмак (1 кг кызылча 3,10 сомдон сатылмак). Калганын кант түрүндө беришмек. Азыр келишимди бузуп, 20 тоннанын ордуна 14 тоннанын гана акчасын берүүдө. Экинчи маселе — кызылчаны алууда кабыл алуу пункту кир деп калдыктарды чыгарып салат. Мисалы, 100 тонна алып барсаң, анын 10 тоннага жакынын кызылчага кошулуп келген кир деп эсепке алышпайт. Мындан 15 жыл мурда 5 пайыз эсептелчү эмес, азыр аны 10 пайыз кылып салышыптыр. Муну да териштирүү керек, анткени алар заводго 5 пайызы кир деп өткөрүп, ортодогу 5 пайызды өз чөнтөгүнө салышы мүмкүн. Элди кыжырга салган үчүнчү маселе — 100 гектарлап кызылча айдаган чарбалар ишканага кезексиз кирип жатышат. Карапайым дыйкандар болсо кезегин суткалап күтүп отурганга мажбур. Эми төртүнчү маселени айтайын — аталган завод дыйкандардын 1 кап кантын 1350 сомдон сатып алып жатышат, ошондо 1 кг кант 27 сомго барабар. Дүкөндөрдө кумшекердин баасы жок эле дегенде 42 сом.

Ошондой эле эл арасында кийинки жылы ушул завод аз жерге айдаган карапайым дыйкандар менен иштешүүнү токтотуп, жалаң ири чарбалар менен гана иш алып барууну көздөп жатышкандыгы тууралуу айтылууда», - деди жергиликтүү кеӊештин депутаты А.Иманов.

Ал эми Ысык-Ата районунун акими Байыш Курманов келишимдеги баага кийлигишүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин, бирок сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

«Дыйкандар бул маселелер боюнча бизге кайрылышкан. Биз Айыл чарба министрлигинин, Нурманбет айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана тиешелүү кызматкерлер менен барып кызылчаны кабыл алган ишкананын жумушу менен таанышып келдик. Иш жылдагыдай, өз орду менен эле жүрүп жатат.

Чоӊ-чоӊ дыйкан чарбаларды биринчи кабыл алып, карапайым эл кезек күтүүдө деген сөз жалган. Ал жерде баары карапайым дыйкандар. Ар ким өз кезеги менен кирип, кызылчаны тапшырып жатышат. Баары эле кар жаагыча бүтүп калалы деп жанталашып жатышат.

Ал эми келишимди бузуп салгандыгы тууралуу, бул маселени биз чече албайбыз. Ал өкмөттүн деңгээлинде чечилиш керек. Өткөндө министр барганда да бул маселе айтылды. Мен дагы ишкананын өкүлдөрүнө айттым, 40 пайыз акчалай беребиз деп, казарга бир күн калганда 28 пайызга түшүрүп салганыӊар туура эмес дедим. Алар ушундай болуп калды, акчабыз аз болуп калды деп жооп беришти. Мен өкмөттүн мамлекеттик материалдык резерви менен иштешкиле деп сунуштадым.

Ал эми кир үчүн деп эсептелбеген 10 пайыз боюнча, мен баягы күнү да барып көрүп келдим. Ал жерде 5-7-8 пайыз кир үчүн деп алынып жатат. Алгач кызылчаны топурагы менен таразага тартып, андан соӊ кирин тазалап, кайра таразага тартканда айырма өзү эле чыгып калат.

Ал эми кийинки жылы кызылчаны аз айдаган дыйкандар менен иштешпей, жалаӊ ири дыйкан чарбалар менен иштешебиз деген сөз болушу мүмкүн эмес», - деди аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×