Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусуЖайыл району 20.10.2019 11:35

Чүй облустук прокуратурасы мыйзамсыз жер берүүлөрдү текшерип, ири зыяндардын орду толтурулду

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Чүй облустук прокуратура органдары тарабынан 2019-жылдын 9-айында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер мыйзамдарынын талаптарын аткарышы боюнча 181 текшерүү жүргүзүлүп, 321 мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору А.Досов билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзам бузуулардын негизинде 12 каршы билдирүү (баары канааттандырылган), мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө 53 сунуш, 55 талап келтирилип, 1 эскертүү берилген. Бир тартиптик өндүрүш иш козголуп, прокурордук актылардын негизинде 47 адам тартиптик жазага тартылды.

Мамлекетке акчалай түрдө 6 714 500 сом өндүрүлдү. Сот органдарына 20 доо арыз келтирилип, 73 материал катталып, сотко чейинки иликтөө жүргүзүлүүдө. Мисалы, Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан Кара-Балта шаарынын мэриясында текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында шаардын Шопоков көчөсүндө 2720 метр квадрат жер өз учурунда мыйзамсыз берилип кеткендиги такталды. Аталган жер тилке шаардын балансына өткөрүлдү.

Мындан тышкары Ысык-Ата районунун прокуратурасы Ак-Кудук айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүп, айыл чарба багытындагы жерлерди иштетүүдө мыйзам бузуулар аныкталып, 1 838 200 сом зыян келтирилгени такталды. Аталган сумма мамлекетке кайтарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×