Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусу, Кант 17.10.2019 11:34

Кантта Россиянын аскерлери парашюттан секирип машыкты

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн спортчулары парашюттан секирип машыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кант аскер-аба базасынан билдиришти.

Алардын берген маалыматы боюнча, машыгуу Кытайда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк VII жайкы аскердик оюндарга карата өткөрүлдү.

Машыгууда көрсөтүлгөн жерге так секирүү, жалгыздап жана тайпа менен чогуу аба акробатикаларды жасоо болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×