Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусуЖайыл району 16.10.2019 11:41

Суусамырдагы жол кырсыктан 2 айдоочу мерт кетти. Алар тууралуу эмне белгилүү?

Turmush -  Суусамыр өрөөнүндө болгон жол кырсыктан эки адам мерт кетти. Бул маалыматты Чүй ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, жол кырсык 14-октябрда саат 23:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 155-чакырымында (Париж тилкеси) болгон. «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу түндүктөн түштүккө карай бара жатып, карама-каршы тилкедеги «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2 айдоочу теӊ каза болуп, 5 адам ар кандай жараат менен ооруканага жеткирилген.

Күбөлөрдүн айтымында, эки айдоочу теӊ 1990-жылы туулган. «Хонда Степвагон» унаасынын айдоочусу Жалал-Абад облусунун, «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Талас облусунун тургундары болгон.

Учурда жол кырсык боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы Бишкек—Ош унаа жолунун 155-чакырымындагы жол кырсыктан 2 эркек адам каза болгонун маалымдаган. Жол кырсыктан 5 адам (3 эркек, 2 аял) жабыркаган. Куткаруучулар каза болгон адамдардын денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Жабыркагандар тез жардам кызматы менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×