Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Чүй облусуПанфилов району 15.10.2019 18:06

Панфиловдо ҮДТнын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Вознесеновка айыл өкмөтүндөгү Вознесеновка айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райадминистрациянын социалдык саясат бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Фарида Абдылдаева аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 8 бөлмөлүү жаңы имараты демөөрчүлөр тарабынан курулган. Анын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты, райондун жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, аймактык ак халатчандар жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Бул имараттын ачылышы Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылындагы жетишкендиктердин бири болду. Чындыгында эски имарат 1966-жылдарга таандык эле. Анын материалдык-техникалык базасы эскирип, дарыгерлердин талаптагыдай ишмердүүлүгүнө, бейтаптардын жеткиликтүү дарылануусуна бир топ ыңгайсыз шарттарды жаратып келген. Эми заманбап шарты менен жаңы имарат ачылды.

Ал топто эмгектенген 8 медайым Вознесеновка, Эфиронос жана башка аймактардан келишкен 4800дөн ашык жергиликтүү тургундарды медициналык жактан тейлеп келишет. Айылдык дарыгерлерди, калкты жаңы имарат менен камсыздоо райондун жана Вознесеновка айыл өкмөтүнүн жетекчилеринин демөөрчүлөр менен иштөөдөгү ийгилиги десек болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×