Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 13.10.2019 09:31 На русском

«Жолдошум бычакка, мен аракка чуркадым»: Рой менен алышкан Айгүл жеңенин окуялары

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылынын тургуну Айгүл Чылымова. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Айгүл Чылымова 1970-жылы Кош-Дөбө айылында туулган. Айылдагы 1-Май (азыркы Эргеш Мейманов) атындагы орто мектебин аяктаган соң Нарын шаарындагы медициналык окуу жайында билим алып, фельдшер-лаборант кесибине ээ болгон. Фельдшер-лаборант болуп Кош-Дөбө айылында 3 жыл эмгектенген. Андан соң Чолок-Кайың айылындагы ооруканада иштеген. Кийин Жерге-Тал айылындагы китепканада 2-3 жыл китепканачы кесибин аркалаган. 2009-жылдан тарта ушул кезге чейин «Аруу-Нур» бала бакчасынын башчысы болуп эмгектенет. Ал ошондой эле Нарын мамлекеттик университетинде башталгыч класстардын мугалими кесибине ээ болгон. Үй-бүлөлүү, 3 уул, 3 кыздын энеси, 6 неберенин чоң энеси.

Жолдошу Мамбеткалый Артыков Ооган согушун катышуучусу, аары багып, бал өндүрүү менен алектенет.

«2007-жылы айылдагы активисттер Асан Итикулов, Кален Артыков болуп үчөөбүз бала бакча уюштуруу боюнча долбоор жаздык. 2009-жылы киши жашабаган турак жай таап, аны оңдоодон өткөрүп, биринчи жолу 30 орундуу бала бакча уюштурдук. 13 кызматкер жумуш орду менен камсыз болду. Жерге-Тал айылынын тарыхында биринчи жолу бала бакча ачылгандыктан элде көп түшүнүк жок, аябдай кыйналганбыз. Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз, себеби бала бакчага эч ким баласын бербей койду. Айлабыз кеткенде экиден баласы бар ата-энелер менен сүйлөшүп, «бир балаңыздын төлөм акысын мен төлөйүн, экинчисине өзүңүз төлөп туруңуз» деп алып келип жүрдүк. Өзүм жер-жемиш, эт азыгын үйдөн алып барчумун. 13 кызматкер иштесек, 13 баланы өз мойнубузга алып, 4-5 жылдай иштедик. Башында аябай эле кыйналдык. Атайын бала бакча үчүн имараттын жоктогунан 3-4 жолу менчик турак жайларга көчүп-конуп иш алып бардык. Ортодон ашар жолу менен бала бакча куруп жатсак, Экотехинспекциядан талапка жооп бербейт деген бүтүм чыгарылды. Жакында долбоор аркылуу бала бакча куруу алдында турабыз. Мындан тышкары жыл сайын менчик боз үйүбүздү алып, жайлоо бала бакчасын уюштуруп келебиз», - деди Айгүл айым.

Уюштуруу иштерине жакын болуп, чыгармачылык менен алектенип, айрым учурда ыр жазып, ырдаган Айгүл жеңе жолдошу менен туугандары аркылуу таанышкан.

«Бул менин экинчи турмушум. Тагдырдын жазмышы экен. Ал кезде бирикме деген бар эле. Биринчи жолдошум ошол бирикмеде тракторчу болуп иштечү. Трактор менен кырсыктап, каза болуп калды. Азыркы жолдошум менен туугандар аркылуу таанышып, баш коштук. Ошондон бери очар-бачар болуп, бирге түтүн булатып келебиз. Жолдошум аары багып, балчылык менен алектенгенине 6-7 жылдын жүзү болду. Балчылык боюнча 2011-2012-жылдары Бишкектен атайын окуп келди. Ошондон кийин бал өндүрө баштады. Өзүм кир жууп, тамак жасоо деген аялдын жумуштарына көп жокмун. Сырткы жумуштарды жасаганды жакшы көрөм. Кыш куюп, шыбак шыбайм. Короонун анча-мынча кулап калган жерлерин өзүм эле жасай берем. Чөп жыйнашып, чөп жүктөшүп, жардам берем», - деди ал.

А.Чылымова «Данакер» медалы, Эне тил күнүнө карата «Ыйык тил» төш белгиси, «Жоокер жубайы» жана «Мээримдүүлүк» медалы менен сыйланып, «Сүйүктүү жетекчи» номинациясына ээ болгон. Ал эсте калган окуяларын да эстеди.

«Балчылык кылуу март айынан баштап октябрга чейин уланат. Балчылардын тили менен айтканда бул убакытты бал кыркат деп аташат. Ошол бал кыркуу учурунда жолдошума жардам берем. Аарыларга сироп берип, бал тартабыз. Аял киши жасай турган иштери дагы бар. Аарылардын төшөгүн, шейшебин тигип берем. Бир жолу бал челегибиз айылдагы сарайдын жанында болчу. Рой чыгып кетиптир деп калышты. Мен аны оңой көрүп, «Ройду мен эле киргизип коём» деп бардым. Бир топ киши ары жакта карап турат. Байкабай барып эле бир челекти ачып жиберсем, челектин ичинен аарылар чыгып, талап кирсе болобу. Эч нерсе кыла албай эле, чуркаган боюнча сарайдын ичине кире качтым. Тиземден ылдый бүт эле чагып, талап кетишти. Кара түстөгү колготки дагы кийип алгам. Кара өңгө аарылар өч болот да. Кетейин деп жатсам, бирөө чай ич деп чакырып калды. Баягынын үйүнө кирип, чай ичейин десем башым айланып, тилим буулуп эле дудуктай болуп, жүрөгүм айланып, кускум келди. «Кой, үйгө кеттим» деп жөнөдүм. Үйгө жеткиче аябай жаман болдум. 3 күн төшөктөн тура албай жаттым. Көрсө биз аары менен иштөөнү жаңыдан өздөштүрүп жаткандыктан анын көп сырларын биле элек экенбиз. Аары чаккан жерге арак сүйкөп же димидрол ичип жибериш керек экен. Эгер аллергиялык өнөкөткө өтүп кетсе, адам өлүп калышы дагы мүмкүн экен. Ошондо мени кудай сактаптыр.

Рой - ар бир челекти бир эле энелик башкарат. Аары көбөйүп кетет дагы, көбөйүп кеткен тарап өзүнчө энелик чыгарышат. Анан эки энелик бир челекке батпай, согуш башталат. Анан челектин ичиндеги аарылар энелик менен тең бөлүнүп жарымы качат. Челектен 50-100 метр алыстыкка чейин барып, топтомолок, капкара болуп үйүлүп туруп калат. Ортосунда энелик болот. Ошону рой деп коёт. Сырткы аарылар ошол энеликти ар кандай коркунучтардан коргоого алышат. Алыстан карасаң капкара болуп көрүнөт. Анан ошону акырын барып, башка челекке салып аласың», - деди ал.

Ошондой эле ал дагы бир кызыктуу окуясын эстеди.

«Бал челекти жаңы кармаган жылдары жазында аны үйдүн жанына койгонбуз. Үйдүн жанында чоң дөңгөч бар болчу. Жолдошум дөңгөчкө атты аркандап коюптур. Эч ким деле маани берип карабаптыр. Ат оттоп жатып, бир челекти аркан менен ороп кетиптир. Челек жыгылганда ат үркүп, ары-бери качкан. Куйругунун учунда капкара болуп топтошкон аарылар учуп жүрөт. Аны көрүп жолдошум заматта жетип барды. Бирок ат карматпай койду. Аны аарылар укмуш талап жатыптыр. Эптеп жетип, арканды кесип жибердик. Бошонгон ат чуркаган бойдон үйдүн жанында агып жаткан сууга барып эле жата калды. Өлүп калат экен деп мен аракка, жолдошум бычакка чуркадык. Атты чакса өлүп калат дегенди китептен окуганбыз да. Атты суудан чыгарып алып, короого жетелеп келдик. Ат өзүнчө эле башын жерге ургулап жатат. Аары чаккан жерлери тоголок болуп чыкты. Бир бөтөлкө аракты аттын оозуна куюп жибердик. Союп салалы деп бычак даярдап жүрөбүз. Негизи, аарынын уусуна жылкы чыдабайт экен. Бирок кечинде ат ордунан туруп, оңолуп кетти. Ошентип атыбызды аман алып калганбыз», - деди бала бакчанын башчысы.

Түркүн түстүү гүл өстүрүүнү жакшы көргөн, жайкысын жайлоого чыгып, 7-8 бээ саап, кышкыга кымыз даярдап келген Айгүл жеңе студент учурундагы күлкүлүү окуяларынан эскерип өттү.

«Медициналык окуу жайда окуп жүргөн учурубуз болчу. Эртең менен окуу, түштөн кийин практика болот. Химиялык лабораторияга, Санэпидкөзөмөл борборуна практикага барчубуз. Бир жолу барсак медайым эже ыйлап алыптыр. Баарыбыз таң калып жатабыз. Баягы эже буркан-шаркан түшүп ыйлап жатат. Бир эже ак түстөгү чубалган буюмду микроскопко салып карап, «эч нерсе көрүнбөйт» деп жатат. Баарыбыз тең микроскоп менен баягы немени карап коёбуз. Эч нерсе деле көрүнбөйт. Көрсө ошол ыйлап жаткан эженин небереси кечинде ойноп жүрүп, полго жатып уктап калат. Өйдө көтөрүп, өзүнүн ордуна жаткырайын десе оозунан ак нерсе чубалып чыгат. Аны курт экен деп ойлоп, ак нерсени спирт куюлган идишке салып алып, эртең менен борборго көтөрүп келиптир. Оскарида курту көбөйгөндө адамдын оозу, мурдунан чыгып калганын окуганбыз да. «Неберемдин ичинде курт көбөйүп кетиптир» деп коркуп келиптир. Көрсө ал курт эмес эле ак резина экен. Небереси байпактын резинасын чубап, оозуна салып ойноп, ошол бойдон уктап калыптыр. Анын резина экенин билгенден кийин бир каткырып күлгөнбүз. Ушул окуя эч эсимден кетпейт», - деди фельдшер-лаборант Айгүл Чылымова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×