Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусуМосква району 10.10.2019 16:47

Москва районунда лицейлер арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Бүгүн, 10-октябрда Чүй облусунун Москва районундагы №28 Кыргыз-орус лицейинин базасында облустук кесиптик лицейлер арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Ал коомдук жана мамлекеттик ишмер Ильяс Касендеевдин 80 жылдыгына арналды. Бул тууралуу лицейдин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Санжыбек Тезекбаев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, сорттук мелдешке Кара-Балта шаарындагы №105 жана №102, Сокулук районундагы №43 Жаңы-Жер жана Москва районундагы №28 Кыргыз-орус лицейлеринин командалары катышкан.

«Коомдук жана мамлекеттик ишмер Ильяс Касендеевдин 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн Чүй облусундагы кесиптик лицейлер арасындагы спорттун волейбол түрү боюнча таймашка окуучулардын балдар жана кыздар командалары катышты», - деди ал.

Кыздар арасында:

- 1-орунга Кара-Балтадагы №105;
- 2-орунга №28 Кыргыз-орус лицейи;
- 3-орунга №43 Жаңы-Жер лицейлеринин командалары татыктуу болду.

Балдар арасында:

- 1-орунду №28 Кыргыз-орус лицейи;
- 2-орунду Кара-Балтадагы №105;
- 3-орунду Кара-Балтадагы №102 лицейлери ээлешти.

Мелдеш соңунда жеңүүчүлөргө грамоталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×