Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусуПанфилов району 08.10.2019 10:09

Алты бакан кантип ойнолгон?

Turmush -  «Алты бакан» балдар бакчасы Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарында жайгашкан. Ал Кайыңды шаардык мэриясы тарабынан 2015-жылдын 21-сентябрында ачылган. Айрым жаштар «алты бакан» деген сөздүн маанисин түшүнбөй келишет.

Бала бакчанын башчысы Бурулкан Молдалиеванын айтымында, кош кабаттуу жайда 3 тайпада 80 бала тарбияланат. Иш ыргагы кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлүп, анда 20 кызматкер эмгектенет. Жакында, 5-октябрда белгиленген мугалимдердин кесиптик майрамында «2019-жылдын мыкты бала бакчасы» наамына татып, диплом менен сыйланган.

«Бакчабыз райондогу жаш балдар бакчаларынын бири. Райондук билим берүү бөлүмүнүн, Кайыңды шаардык мэриянын жана бакча жамаатынын бирдиктүү аракетинен көп жетишкендиктерге ээ болуудабыз. Бакча интернетке туташтырылып, сыналгы жана башка техкаражаттарыбыз тарбия иштеринде колдонулат. Мыкты бала бакча болуу сыймыгы көптөгөн милдеттерди да койду. Биздин "Алты бакан" деген атыбызга айрымдар таң калып да келишет. Ал эми башка улуттагы ата-энелер кызыгуу менен сурап келишет. Биз аларга мындайча түшүндүрүү менен кыргыз элинин каада-салт, үрп-адаттарынан кабар берүүгө аракеттенебиз.

Кылымдарды карыткан кыргыз эли этномаданий, этнопедагогикалык түшүнүктөргө өтө бай. Маселен, жомок, оюндун түрлөрү аркылуу эле нарктуу элдик тарбияны берип келишкен. Алардын бири "Алты бакан селкинчек". Элибизде:
"Алты бакан селкинчек,
Андай теппей мындай теп..." дешип элдик оозеки чыгармаларда ачыкталып келет. "Алты бакан" элибиздин эски, байыркы кеңири тараган жаштар оюну. Оюн-зоок, той-тамашаларда "Алты бакан " уюштурулган. Дарагы жок жайларда 3 бакандын (жыгачтын) башын бириктирип байлап тик тургузган. Экинчи жагына да ошондой эле шартта орнотушкан. Аралыгы 5-7 метрдей жерге орноткон соң, ортосуна жыгач устун коюп, башын байлап бириктиришкен. Ошентип, эки жагына үчтөн бакан болуп, баары алты баканды түзгөн. Ортосуна тартылган жыгачка коштолгон аркан жиптен селкинчек салынган. Селкинчектердин ортосуна тактайча коюлуп, анын бир жагына кыз, экинчи жагына жигит чыккан.

Күйөрмандар алгач кыз, жигит орун алган селкинчекти акырындык менен күүлөп коюшкан. Андан соң, алар өз күчтөрү менен күүлөнө беришкен. Эгерде кайсы тарап бийик күүлөнсө, ошол тарап жеңүүчү болгон. Оюн жүрүшүндө ырлар ырдалып, тамашалуу сөздөр айтылган. Алакандар чабылып, күйөрмандар туш тараптан дем берип турушкан. Спорттук оюнга да окшоп, командалардын кызыгуусун жараткан. Албетте, бул оюндун тамыры мындан да терең. Биз, балдарыбыз бийик күүлөнүп, ден соолугу чың болсун, алты бакандын башындай биримдикте жүрсүн деген максатта "Алты бакан" деп бакчабызга ат коюп алдык. Коомчулук да кубаттады», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×