Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусуМосква району 06.10.2019 12:46

Москва районунун 102 жаштагы тургуну А.Капраловага белектер берилди

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынын 102 жаштагы тургуну Капралова Анна Степанова жаш курагы боюнча райондун эң улуу атуулу. Ага карылар күнүнүн алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чараларда облустун жана райондун жетекчилери тарабынан сый-урмат көрсөтүлүп, моралдык жана материалдык жардамдар берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөтү билдирди.

Анна Капралова 1917-жылы төрөлгөн. Райондо белгиленген Карылар күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралардын алкагында өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова, раймамадминистрациянын башчысынын орун басары Жоомарт Нарботоев жана Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Ешалиев жана башкалар андан кабар алышты. Ден соолугу, жашоосу менен таанышкан соң, ага акчалай жардам жана тамак-аш азыктарын тапшырышты. Ага бекем ден соолук каалоо менен ар дайым колдоо көрсөтүлүп турарын айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×