Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 04.10.2019 15:59

Сокулукта уяӊ жүндүү койлордун көргөзмөсү өттү. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 4-октябрда Чүй облусунун Сокулук районунда уяӊ жүндүү койлордун көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун кой жана эчки бөлүмүнүн башчысы Рахатбек Ибраевдин айтымында, Тянь-Шань жарым уяӊ жүндүү койлор боюнча изилдөөчү Георгий Друженьковдун 100 жылдыгы белгиленип, илимий-практикалык конференция өттү. Ага Тажикстан, Казакстан, Корея, Япониядан келген коноктор катышты. Ошондой эле, койлордун көргөзмөсү уюштурулду.

Мырзабек Масымканов Нарын районунун Кара-Кужур айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Көчкү айылынан көргөзмөгө атайын келген.

«Ушул көргөзмөгө Нарындан Тянь-Шань жарым уяӊ жүндүү койлорду алып келдим. Булар жүн жана эт багытындагы койлор. Козулары 25-30 кг эт берсе, чоӊ койлору 50-80 кг эт берет. Биздин мал чарбабызда ушул эле койдун тукуму бар. Муну өстүрүп-өнүктүрүүнүн үстүндөбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×