Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 01.10.2019 13:51

Чүй районунда Карылар күнү белгиленди

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районунда Карылар күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

50гө чукул карыяга сый тамак уюштурулуп, концерттик программа тартууланган. Иш-чарага аким Каныбек Апбасов, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Чүй районунда 100 жаштан ашкан бир карыя жашайт.

«Биздин райондо 104 жаштагы апабыз бар. Былтыр бир карыя 101 жашында көз жумду», - деп билдиришти Чүй райондук мамлекеттик администрациядан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×