Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусуПанфилов району 28.09.2019 17:26

Панфиловдо тилсиз жоодон коргонуу боюнча машыгуу өттү (сүрөт)

Turmush -  26-27-сентябрь күндөрү Чүй облусунун Панфилов районунда «Жер титирөө катталган учурда жарандык коргонуу күчтөрүнүн жана каражаттарынын аракеттери» аталышындагы машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Машыгууга Чүй облусунун өзгөчө кырдалдар башкармалыгынын, Панфилов РИИБдин, саламаттыкты сактоо мекемелеринин, өрткө каршы күрөшүү, социалдык өнүгүү кызматынын кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, тургундар катышты.

Иш-чаранын максаты — Панфилов райондук жарандык коргонуу күчтөрүнүн өзгөчө кырдаалдар катталган учурдагы ыкчам аракеттерин жогорулатуу. Анын алкагында жер титирөөдөн сактануу, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча иш-аракеттер көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×