Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Чүй облусуПанфилов району 28.09.2019 12:17 На русском

Чек арада УКМКнын кызматкерлери менен белгисиз адамдардын ортосунда жаңжал чыгып, ок атылды

КПП «Чалдовар»
КПП «Чалдовар»

Turmush -  Бүгүн, 28-сентябрь күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактыларын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларына белгисиз адамдар жолтоо болушту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Чалдовар-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунда колдоруна таш көтөргөн белгисиз адамдар УКМКнын кызматкерлерине тергөө иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук жаратышкан. Анын кесепетинен ыкчам тергөө тобунун бир нече кызматкери жеңил жаракат алышкан.

Күбөлөр УКМКнын кызматкерлери сүрөттөгү кичи автобус менен келишкенин айтышууда

Аталган факт Панфилов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда ИИМ менен биргеликте окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында тергөө иштерине жолтоо болгондорго юридикалык баа берилет.

Буга чейин Turmush басылмасы Панфилов районунун Чалдовар айылында укук коргоо органдарынын кызматкерлери, чек арачылар жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда жаңжал чыкканын жазган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, укук коргоо органдарынын кызматкерлери чек арачыларды пара алып жаткан жеринен колго түшүрүү боюнча атайын операция жүргүзүп жатышкан. Бирок операцияга жергиликтүү тургундар кийлигишип, алар чек арачыларды коргоп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин сабап салышкан. Жаңжал учурунда 3-4 жолу ок атылды. Окуяга күбө болгондордун айтымында, чек арачылар асманга ок чыгарышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×