Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 23.09.2019 16:46 На русском

«Аз калган жашоомду өзүм жашайын»: 5 айлык баласын жолдошуна таштап кеткен Назиранын каты

Turmush -  27 жаштагы Назира Бектемир кызы 16-сентябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу анын жолдошу Азатбек Жапаркулов билдирди.

Анын айтымында, жубайы таңкы саат 4-5 чамасында кат жазып, үйдөн акча алып чыгып кеткен.

«Жубайымдын биринчи жолдошунан 2 баласы бар, аларды апасы багат. Экөөбүздүн 5 айлык балабыз бар. Назира гепатит (боор оорусу) менен ооруп, дарыланып жүрчү. Бишкектеги ооруканалардын биринде каттоодо турат. Окуя болгон күнү адаттагыдай эле тамашалашып, дүкөндөн келгенден кийин уктаган. Таңкы саат 6:30 чамасында балам ыйлаганынан туруп, астын алмаштырдым. Назира жанымда жок экен. Чөнтөк телефонун таштап, кат жазып, 3 миң 200 сом акчаны алып кетиптир. Катта “Баламды сизге, сизди кудайга тапшырдым. Балам сизге көнүп калды. Аз калган жашоомду өзүм жашайын деп чечтим, мени эч ким издеп убара болбосун. Карындашыңыз баламды жакшы карайт, ошого ишенем” деп жазылган. Дароо милицияга арыз жаздым.

5-6 күн баламды өзүм карап, кыйналганымдан кечээ жеңеме бердим. Балам куса болуп ыйлап жатат. Өзгөндөгү жакын туугандарынан сурадык, ал жакка барбаптыр. 1984-жылы туулган таластык курбусу үйгө келип жүргөн. Жүрүм-туруму начар экен, "ушул курбуңа кошулбай эле койчу" деп айтып жүрдүм. Ал курбусуна чалсам телефону өчүк. Менин оюмча ошол курбусунукунда жашынып жүрөт, бирок дарегин билбейм», - дейт Азатбек Жапаркулов.

Назираны көргөн-билгендер болсо 0700 41 42 14 телефон номуру аркылуу байланышса болот.

Үй-бүлө Бишкек шаарында жашап жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×