Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусуКемин району 23.09.2019 11:41 Жаңыланды: 13.10.2019 17:23 На русском

Искусство адамы К.Мурадилов бир кезде артисттер эмне үчүн арак ичип кетишкенин айтып берди

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунун тургуну Кубанычбек Мурадилов 1969-1970-жылдары атактуу дирижер Асанкан Жумакматов менен иштешип калган. Учурда ал Кемин музыкалык мектебинин директору болуп эмгектенет.

Кубанычбек Мурадиловдун үч уул, бир кызы бар.

«Союз мезгилинде, андан кийинки Эгемендүүлүктүн алгачкы 10-15 жылында үч залкар дирижерубуз болгон. Ошолордун улуусу Асанкан Жумакматов, андан кийин Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов. Үчөө теӊ бир эле учурда композитор, дирижёр, жетекчи болушкан. Азыркы сөз менен айтканда мыкты менеджер болушкан. Үчөө теӊ опера театрын, искусство институтун жетектешкен. Асанкан Жумакматов Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрин 1962-жылдан баштап жетектеп, он жыл аралыгында жакшы деңгээлге жеткирген. 1969-жылы Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу симфониялык оркестр түзгөн. Ошондо 1969-1970-жылдары ушул оркестрде иштеп калдым.

Бул кишинин артыкчылыгын айта кетсем, бир жолу репетиция учурунда бизге кайрылып, "эй кыргыздар, Б.Кулболдиев деген болгон. Мыкты коммунист-музыкант. Аты өчкүр ичимдиктен кетпедиби. Ошол Кулболдиевдин окуучусу Карагул Үкүбаевди жумушка алдым эле. Ал дагы кайра ичип жатат. Силер, жаштар кайсы арыӊарга ичесиңер?" деген. Мына ушул сөзү аябай эсимде калган. Ичкендерди жаман көрчү. Ошол учурдагы кыргыздын белгилүү артисттери эки жакка гастролго чыкканда кыргыз эли аларга аябай сый көрсөтүшчү. Ошондон улам ичкиликке берилип кеткендер көп болду», - деди ал.

Кубанычбек Мурадилов 1951-жылы Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган.

«1958-1966-жылдары Кызыл-Суу орто мектебинде окугам. 1966-жылы Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайга өтүп, аны 1971-жылы аяктагам. Ошол эле 1971-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна кирип, аны 1976-жылы бүтүргөм. Эмгек жолум 1969-жылдан башталды. 1969-жылдан 1977-жылга чейин атактуу дирижёр Асанкан Жумакматов жетектеген симфониялык оркестрде артист болуп эмгектенгем. 1977-жылдан 2007-жылга чейин Кемин музыкалык мектебинде директор, мугалим болуп эмгектенип келгем. Ал эми 2007-2018-жылдары Кемин райондук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштегем. 2018-жылдын сентябрь айынан тартып Кемин музыкалык мектебинин директору болуп эмгектенип келе жатам. 2004-жылы билим берүүнүн отличниги, 2014-жылы маданияттын мыкты кызматкери, 2015-жылы Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын «Кеменгер» сыйлыгын алгам», - деди ал.

Анын айтымында, балдары Иорданиянын Амман шаарында билим алышкан.

«Үч уул, бир кызыбыз бар. Үч уулубуз тең Иорданиянын Амман шаарында илим алышкан, теологдор. 11 неберелүү болдук. Кудайга миң мертебе шүгүр.

Ар бир адам ниетине жараша кесипти тандап алат экен. Улуу балам 1990-жылы окуусун бүткөндө эле борбордук мечиттеги жаӊы ачылган медресеге барып окуп баштаган. Мен ага «башка окууга өткөрөйүн, кийин мага күнөө койбойсуңбу?» десем, «жок мен өзүмдүн каалоом, өзүмдүн ниетим менен медресеге барып жатам» деди. Андан соӊ дагы бир медреседе окуп, кийин Түркиянын Конья шаарындагы медреседе билим алды. Андан кийин Амман шаарындагы университетке кетти. Ал жактан даават факультетин аяктап чыкты. Андан соӊ инилерин да алып барып окутту. Экинчи уулум шариат факультетин аяктаса, үчүнчү уулум араб тили боюнча окуду. Мен да балдарымдын таасири менен 20 жылдан ашык мезгилден бери намаз окуп келе жатам. Кызым дагы медреседе билим алды. Кичүү уулумдун келинчеги Ислам университетин аяктаган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×