Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Чүй облусу, Орловка 18.09.2019 09:34

Орловкада ички жолдор асфальтталып, аялдама курулду

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарындагы ички жолдор асфальтталып, көчөлөр жарыктандырылды. Бул тууралуу Орловка шаарынын мэри Бакытбек Чанчаров билдирди.

Мындан тышкары аялдама курулду. Бул иштер жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалууда.

«14,5 млн сомго Москва жана Арычная көчөлөрү толугу менен асфальтталса, 1,350 млн сомго Кудряшов, Москва, Арычная көчөлөрү жарыктандырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×