Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Талас облусуТалас району 11.09.2019 12:43

Айыл турмушу: Таластык И.Кабылбеков Москвадан өнөр үйрөнүп келип, ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Козучак айылынын 27 жаштагы тургуну Ислан Кабылбеков майрамдарда шарлар менен кооздуктарды жасап сатууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, шарлардан кооздук жасоону Москвадан үйрөнгөн.

«2010-жылы окууну бүткөндө Москвага кеткем. Ал жакта 8 жыл ашпозчу болуп иштедим. Москвада жүргөндө бирөөлөр шардан кооздуктарды жасап, сатып жүргөнүн көргөм. Булар кылганды эмнеге биз жасай албайбыз деп өзүбүз да үйрөнүп, сатып жүрдүк. Ал жактан көп сатчу эмеспиз. Бирок бир сатканда кымбатыраак сатчубуз. Ал жактан көп сатканга милиция уруксат берчү эмес. Кээде тамак-аш алганга каражат керек учурда сатчубуз.

Былтыр Москвадан келип, Кыргызстанда дагы ушуну улантсам кандай болот деген ой менен жасап баштагам. Жаңы жылда биринчи жолу жасадык. Көбүнчө бала бакчаларды жасалгалап, майрамдарда жасадык. Керектүү шарларды Таластагы эле дүкөндөн алчумун. Ал жактын шарларын түгөттүм десем болот (күлүп). Кээде Бишкекке барганда өзүм алып келем. 1 гүлгө 2 шар керек болот. Кайра аларды 20 сомдон сатабыз. Киреше ар кандай болот. Мисалы, майрам учурунда 8000 сомго чейин киреше түшүп турат. Азыр эл арасында гүлгө кызыгуу көп. Буларды көбүнчө майрам учурунда сатабыз. Имараттардын сыртын дагы шарлар менен кооздоп беребиз. Үлпөт тойлор учурунда имаратты жасалгалоого буйрутма көп түшөт деп ойлогом. Бирок азыр көпчүлүк кызыкпай жатат. Имараттарды жасалгалоого 1 сааттай убакыт кетет. Ал эми гүлдү бат эле жасап коёбуз», - деди ал.

Ислан мырза 1 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×