Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 10.09.2019 13:11

Токмок мэриясында эртеден кечке чейин комуз күүсү жаңырды

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарындагы билим берүү мекемелеринде, маданият үйүндө жана башка объектилерде Комуз күнүнө карата маданий иш-чаралар болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Музыкалык жана орто мектептердин окуучулары комуз күүлөрүн чертип, борбордук китепканада «Комуз — кыргыз элинин улуттук аспабы» темасында музыкалык саат өткөрүштү. Китепканадагы аталган иш-чарага 1-класстан 3-класска чейинки окуучулар чакырылган.

Ошондой эле Токмок шаарынын мэриясынын имаратында эртеден кечке чейин комуз күүсү жаңырып турду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×