Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Чүй облусуМосква району 09.09.2019 16:18

Москва районунда комуз күүлөрү чертилди

Turmush -  Бүгүн, 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районунда Комуз күнү белгиленди. Бул тууралуу райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ж.Молдокулова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара райондун борборундагы «Юбилейный» кинотеатрынын базасында өттү. Ага 280ден ашык айыл аксакалдары, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Салтанаттын ачылышында райадминистрациянын аппарат жетекчиси А.Дубанаев куттуктоо айтып, кыргыз элинин улуттук аспабы болгон комуздун кылым карыткан тарыхы бай экендигине токтолду. Элибиздин жашоосу комуз кылында күү болуп чертилип, бирде арманын, бирде жыргалын айтып келгенин баяндады.

Салтанатта райондун маданият кызматкерлери, М.Рыскулбеков атындагы балдардын көркөм өнөр музыкалык, Петровкадагы музыкалык мектептеринин мугалимдер жана окуучулар жамааты өз өнөрлөрүн тартуулашты. Анда жаңырган күүлөр жана комуз коштоосундагы ырлар көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

«Мындан ары да жыл сайын 9-сентябрда Комуз күнүн чоң салтанат менен түрдүү форматта өткөрүп турууну белгиледик», - деди Ж.Молдокулова.

Салтанатта комуз боюнча көргөзмө уюштурулган. Анда белгилүү комузчулардын да чыгармачылыгы баяндалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×