Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 09.09.2019 12:46

Сокулукта жаңы ачылган бала бакча убактылуу ишин токтотту

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айыл аймагында жаңы ачылган 75 орундуу «Жеткинчек» бала бакчасы убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда аймактык кабарчыга ата-энелер билдиришти.

«Бала бакчага балдарыбызды алып барсак, «бала бакча иштебейт, убактылуу жабылып калды» дешти. Бул жерде тарбиячылар жумушсуз, кичинекей балдар бала бакчасыз калуу коркунучунда турат. Айрым маалыматтарга караганда, бала бакчанын документи толук бүтпөптүр», - деп билдиришти ата-энелер.

Ал эми Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы Нурсуланбек Бөкөнбаев бала бакчанын иши убактылуу токтогонун тастыктады.

«Ооба, бала бакчанын иши убактылуу токтотулду. Негизи Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Бирок жобо даяр эмес экен. Ошону бекитип беришсе эле бала бакча кайра иштейт», - деди ал.

Бала бакчанын ачылыш аземи 30-августта өткөн. Анын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 13 млн 100 миң сом каралган.

Военно-Антоновкада ушуну менен экинчи бала бакча ишке берилген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×