Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 09.09.2019 10:54 На русском

Милициянын подполковниги Кара-Балта шаарындагы мектептин директору болду (өмүр баяны)

Turmush -  Быйылкы жаңы окуу жылында Жайыл районундагы билим берүү мекемелеринин жетекчилери арасында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Петропавловка айылындагы орто мектептин директору Жыпаркүл Тентемишева Полтавка айылындагы орто мектептин директору кызматына которулду. Полтавка айылындагы орто мектептин директору Наталья Абрамова Новониколаевка айылындагы мектепке мугалим болуп барды. Ал эми Петропавловка айылындагы мектептин директорлук кызматын ушул мектептин директорунун орун басары ээледи.

Кара-Балта шаарындагы №2 орто мектептин директору дагы алмашты. Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын бирине мугалим болуп которулган Касиет Токтомушеванын ордуна Руслан Артышев дайындалды.

Райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, Руслан Артышев бөлүштүрүү боюнча №7 орто мектепке география сабагынан мугалим болуп которулган. 1990-жылдары аны укук коргоо органдарына кызматка чакырышкан. Ал жактан Жайыл РИИБдин башчысынын орун басары кызматына чейин жетип, андан кийин Панфилов районунда эмгектенген. Пенсияга чыккандан кийин Руслан Артышев кайра мектепке кайтып келген. Акыркы жылдары ал Макаренко атындагы №10 мектеп-гимназиясында мугалим болуп эмгектенген.

Руслан Артышев 1964-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1971-жылы Ысык-Көл облусунун Түп айылындагы К.Маркс атындагы мектепке 1-класска барган. 1981-жылы мектепти аяктагандан кийин Пржевальсктагы педагогикалык институттун география факультетинде билим алып баштаган.

1986-жылы институтту аяктагандан кийин бөлүштүрүү боюнча Кара-Балта шаарындагы №7 орто мектебине келип, география сабагынан мугалим болуп иштеген. 1986-жылдын ноябрь айында аскердик кызматка чакырылган. 1988-жылы Кара-Балта шаарындагы №1 орто мектебине которулган.

1990-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына кызматка жөнөтүлгөн. Кызматын Кара-Балта ШИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында инспектор болуп баштап, өздүк курамдын башчысы кызматына чейин жеткен. Милициянын подполковниги 2016-жылы кызматын өтөп бүткөнүнө байланыштуу отставкага кетип, ошол эле жылы Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты болгон. Андан кийин Макаренко атындагы №10 орто мектепте иштеп, кийин №2 мектептин директору болуп эмгектенген.

2010-жылы шаардын социалдык-экономикалык, коомдук-маданий иштерине кошкон салымы, коомдук коопсуздукту камсыз кылганы үчүн Кара-Балта шаарынын 35 жылдыгына карата «Ардактуу атуул» наамы менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, үч баласы, эки небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×