Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуАламүдүн району 07.09.2019 13:30

Чу дарыясынын кооптуу тилкелеринде бекемдөө иштери уланууда

Turmush -  2019-жылга Чу дарыясынын 3 тилкесинде жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүү мерчемделип, анын ичинен бир участкада иштер толугу менен бүткөн. Калган объектиде жумуш уланууда, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, Чу дарыясынын Аламүдүн районунун Васильевка айылындагы тилкесинде жээк бекемдөө иштери 2019-жылдын 25-июнунда башталып, бүгүнкү күндө иш толугу менен бүткөн. Узундугу 500 метр болгон жээк бекемделип, 6 шпора курулган. Натыйжада 20 га жер, 100 турак жай суу ташкынынан корголот. Мындан тышкары Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылындагы тилкеде жээк бекемдөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×